Шопоков Калмат

Википедия дан

Шопоков Калмат (1912, Талас областы, Кара-Ой айылы) - коомдук ишмер. Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу (1941-15).

  • 1932-33-ж. “Талас колхозчусу” гезитинин катчысы,
  • 1933-34-ж. Талас райкеңешинин жооптуу катчысы,
  • 1934-41-ж. республикалык “Кызыл Кыргызстан” гезитинин айыл чарба бөлүмүнүн башчысы,
  • 1945-47-ж. Таластагы “Большевиктик Туу” гезитинин бөлүм башчысы,
  • 1947-49-ж. Ленинполь райкомунун кадрлар боюнча катчысы,
  • 1949-51-ж. Буденный райкомунун 2-катчысы,
  • 1951-52-ж. Чаткал райкомунун 1-катчысы болуп иштеген.
  • “Ардак белгиси” ордени менен сыйланган.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Чаткал району: Энциклопедия / авт.-түз. А.Орозов и др. - Б.: «Принт Экспресс» б., 2015. - 368 б., илл. ISBN 978-9967-27-851-6