Штамп

Википедия дан

Штамп (итал. stampa - мөөр, басма), штемпель -

1) документке из калтырчу мөөр (негативдик сүрөт), оттиск;

2) тил жана адабиятта дайыма кайталануучу көркөм сөз каражаттары. Мис., көмүр менен нефтинин - «кара алтын», пахтанын «ак алтын» деп аталышы. Штамп адабиятта темадан, сюжеттен, образдан да байкалат. Мис., түрк тилдериндеги поэзияда мурдагы акындардын көбүнчө булбулдун образына кайрылышы. Штампка кайдыгер мамиле кылуу чыгармачылык өз алдынчалыкка терс таасирин тийгизет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4