Штрих код

Википедия дан

Штрих кодтехникалык каражаттар окуй ала тургандай, кандайдыр бир графикалык маалыматты камтыган геометриялык фигуралардын же кара жана ак чийиндердин тизмеги.

Штрих код баардык автоматтык идентификация технологияларынын ичинен эң эле эскиси болуп эсептелет. Штрих код сызыктуу жана эки өлчөмдүк болуп бөлүнөт. Сызыктуу Штрих код деп бир багытта (горизонталдык) окулган символикалар аталат. Сызыктуу символикалар анча көп эмес өлчөмдөгү (адатта 20-30 символду) маалыматты колдоого мүмкүнчүлүк берет. Эки өлчөмдүк Штрих код чоң көлөмдөгү маалыматты коддо үчүн иштелип чыккан. Мындай кодду чечүү горизонталдык жана вертикалдык багытта жүргүзүлөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]