Шумиловский Николай Николаевич

Википедия дан

Шумиловский Николай Николаевич (9. 5. 1897-ж. т., Россия, Владимир обл., Карабаново айылы - 28. 6. 1967, Бишкек) - техника илимдин доктору (1948), проф. (1950), Кыргыз ССР ИАнын академиги (1960).

Ленинград политехникалык институтун бүтүргөн.Волжск (Вязники ш., Горкий ш.) жана Балтика (Ленинград ш.) механика-кеме куруу заводунун суу транспорту бөлүмүнүн техниги, «Электроприбор» (Ленинград ш.) заводунда топ башчысы (1928-32), Украина ССР ИАнын Машина жана автоматика институтунун директору (1951-52), Москва автоматика институтунун кафедра башчысы (1952-60), 1960-жылдан Кыргыз ССР ИАнын автоматика институтунун директору болуп иштеген. Электрдик өлчөө, аспап жасоо жана өндүрүштүк процесстерди автоматтык көзөмөлдөө тармактары боюнча адис. Ирригация системаларын комплекстүү автоматташтыруу, ошондой эле Кыргызстанда металлургия боюнча илимий изилдөөлөрдү жетектеген. 100дөн ашык илимий эмгеги жарык көргөн. Ленин, Эмгек Кызыл Туу ордендери менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4