Шумпетер Йозеф Алоис

Википедия дан

Шумпетер Йозеф Алоис (1883-1950) - австриялык экономист жана социолог.

1912-ж. Шумпетердин «Экономикалык өнүгүүнүн теориясы» аттуу белгилүү китеби жарык көргөн. Анда автор бизнес циклдин негизги идеяларын жана капитализмден социализмге карай эволюциясын анализдеген. Капитализмдин Шумпетердин түшүндүрүүсүндө негизги ролду ишкер - экономикалык өнүгүүнүн новатору жана агенти ойногон.

1942-ж. Шумпетердин «Капитализм, социализм жана демократия» эмгегин жарыялаган. Анда ал капитализмдин бара-бара начарлоосу жөнүндө сөз кылган. Анын бул алдын-апа айтуусу капитализмдин социализмге карай эволюциясы - капитализмдин натыйжасыздыгы эмес, анын экономикалык ийгилиги деген идеяга негизделген. Шумпетердин ою боюнча капиталисттик экономиканын тереңинде чыгармачылык кыйроо процесси жатат. Ал капитализмдин динамикалык мүнөзү жана өндүрүш жөндөмдүүлүгү тууралуу жакшы пикирде болгон. Шумпетердин саясий жана методологиялык индивидуализмди айырмалоосу социолог катары киргизген жаңылыктарынын бири болуп саналган.

Методологиялык индивидуализм концепциясы рыноктук механизм чөйрөсүндө тиешеси жок социалдык кубулуштарды анализдөөгө негиз болгон. Методологиялык индивидуализм көз карашынан саясий процесстин аракет кылуусун жана адамдардын жүрүм-турумун түшүнүү үчүн индивиддин керектөөлөрүнөн, максатынан, баалуулугунан, иш-аракетинен чыгуу зарыл. Бул жаңылык менен демократиянын экономикалык теориясы тыгыз байланышкан. Анын ою боюнча демократиялык тартип - саясий чечимдерди кабыл алуу үчүн институтташтырган түзүлүш. Анда индивидуумдар элдин шайлоо демократиянын экономикалык теориясы менен тыгыз байланышкан. Анын ою боюнча демократтык тартип - саясий чечимдерди кабыл алуу үчүн институтташтырылган түзүлүш. Анда индивидуумдар элдин шайлоо добуштары үчүн атаандаш күрөш аркылуу саясат жасоо укугуна ээ болушат. Шумпетер демократияны элдин эмес, саясатчылардын башкаруусу деп аныктаган. Брокерлер биржада «акция менен соода кылышса», саясатчылар «добуш менен соода кылышат».

Саясий процессти рынок процесси катары карайт: талаптарды койгондор -шайлоочулар, бул талаптарды канааттандыргандар - саясатчылар менен бюрократтар. Шайлоочулардын колдоолоруна жетишүү үчүн саясаттар электораттын талаптарына жана кызыкчылыктарына чоң назар буруусу зарыл.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Адам укуктары, демократия, бийлик. Энциклопедиялык сөздүк. – Б.: 2015. -496 б. ISBN 978-9967-27-790-8