Шураб көмүр кени

Википедия дан

Шураб көмүр кени Түшүк Фергана өндүрүнүн борбордук бөлүгүндө, Түркстан кырка тоосунун түндүк этегинде. Шураб кени –Шураб I, Шураб II, Шураб III, Самаркандык болуп бөлүнөт. Шураб I, Шураб II Тажикстанга, Шураб III, Самаркандык Баткен облусунун Лейлек районуна тийиштүү. Кен адабият маалыматтары боюнча 1878-жылдан белгилүү. Шураб III көмүрлүү катмарында көмүрдүн 53 кабаты белгилүү, анын ичинен өнөр жайлык мааниге 24 кабат ээ. Кабаттардын калындыгы 1,38–8,39 мге чейин өзгөрөт. Самаркандек аянтында 14 кабат белгилүү, анын 13 кабаты практикалык мааниге ээ. Кабаттардын калыңдыгы 0,8–10,50 мге чейин өзгөрөт. Кендин көмүрлөрү 3Б маркасына таандык. Шураб III көмүр кабаттарынын орточо күлдүүлүгү 13,37%тен 23,20%ке чейин өзгөрөт. Көмүрдүн күйүү жылуулугу 6491–7315 ккал/кг, орточосу 6980 ккал/кг (29,22 МДж/кг). Самаркандык көмүр кабаттарынын орточо күлдүүлүгү 18,7%тен 21,1%ке чейин өзгөрөт. Күйүү жылуулугу 6750–6951 ккал/кг. Шураб III кенчесинин запасы - А+В+С категориясы боюнча 50,9 млн т, Самаркандыктыкы – 18,5 млн т. Шураб күрөң көмүр кендүү районуна али жакшы изилдене элек Мадыген, Гарм жана Баткен кен аянттары да кирет. Мадыген кенинин көмүрү триас жана юра катмарлары менен байланышкан. Триас катмарында калыңдыгы 0,6 мге жеткен бир кабат белгилүү. Юра катмарында калыңдыгы 0,54 жана 0,53 мди түзгөн эки кабат белгилүү. Гарм кенинде көмүр юра катмары менен байланышкан, бул жерде эки кабат бөлүнгөн. Анын ичинен төмөнкү кабаттын калыңдыгы 1,7 мге жеткен. 1917-жылга чейин көмүр казып алуунун объектиси болгон. Баткен кенинде көмүр юра катмары менен байланышкан, бул жерде 2 кабат бөлүнгөн. Кабаттардын калыңдыгы бир нече смден 3,79 мге чейин өзгөрөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]