Шуш шаары

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

Шуш шаары شهر شوش

Географиялык абалы[оңдоо | булагын оңдоо]

Шуш шаары Ахваз шаарынын чыгыш тарабынан 115 километр аралыкта жайгашып 5,6 квадраттык километрди түзгөн шаар. Анын деңиз деңгээлинен 87 метрден жогору бийиктикте жайгашып, Тегеран шаарынан аба аркылуу 479 километрди түзөт. Ал эми Шуш шаары менен Тегерандын жер тилкесиндеги аралыгы 766 километрди, Авзах менен 115 километрди, Дизфулга чейин 24 километрди жана Эндимешкке чейин 38 километрди түзөт. Шуш шаары болжол менен ир.ж. 1329-жылы (1950-жылы) ошол аймактын борбору болгон. Шуш тарыхый шаары Ирандын байыркы цивилизациясынын борбору, дүйнө жүзүндөгү эң белгилүү шаары, Элам байыркы мамлекетинин бир канча миң жылдагы борбору жана да Ахеменид императорлугунун кыш мезгилиндеги борбору болгон. Белгилүү тарыхчы Хамза Исфахани Шуш шаарын төмөндөгүдөй сүрөттөгөн: “Шуш шаары – ажайып кооз, көрктүү, сонун шаар деген мааниде. Тора жана Кабус китептеринде Шуш шаары жөнүндө келтирилген: Шушен же Шушан иврит тилинде Лилия, гректерде Суснай деп айтылган. Шуш шаарынын дагы башка аттары “Суса”, “Сус” болгон жана Шуш провинциясынын көпчүлүк бөлүгүндөгү Эламдыктарды “Сусиана” же болбосо “Сузиана” деп аташкан. Шуш же болбосо Шушен Гиацинт, лилия, нарцисс сыяктуу өсүмдүктөрдүн аттары болуп эсептелинет. Шуш шаары орто кылымдарда Хузестан аймагынын негизги борбору болгон. Ал заманда бир канча шаар, кыштактар жана айылдар ага караган, ал жакта бир канча абдан бышык байыркы сепилдер, мечиттер абдан кооз базарлар, тегерек устундары бар мечиттер жайгашкан. Шуш шаары өзүнүн чийки жибек текстили, бергамот, анар жана кант тросниги менен абдан белгилүү болгон. Даниил пайгамбардын мавзолейи да так ушул Шуш шаарында жайгашкан. Шуш шаары Ислам доорунда бир канча убакыттар бою калкы көп өсүгүп өнүккөн шаарлардан болгон. Ошол убакта Хузестандын борбору Ахвазга кошулуп, Шуш шаары акырындык менен өзүнүн маанилүүлүгүн жоготкон. Шуш шаарынын төмөн жагынан табылган тарыхый калдыктарды тарыхчылар 8 миң жыл мурункуга таандык деп билишкен.

Шуш шаарынын тарыхы[оңдоо | булагын оңдоо]

Ахеменид империясы доорунда Ниневияны кыркалай Эрбилден өтүп Шуштан Сардиске чейин 1700 миль аралыкта салынган жол картасы, ар бир 15 миль жердеги жүргүнчүлөрдүн чарчаган аттарын суутуп, эс алдыруу үчүн жайгашкан чапарханасы (атканалар) бар. Бул жолдун салыныш өзгөчөлүгү байыркы доордо 7 күндүн ичинде Шуштан Сардга чеийн жол арттырып сапар тарта алгыдай кылып салынган. Бул жол өз убагында Ахеменид императорлугуна стратегиялык жактан абдан маанилүү болгон. Шуш байыркы шаары Элам цивилизациясынын борбору, Хузестан облусундагы Тигр дарыясынын чыгыш тарабында 150 километрде жайгашкан. Шуш шаары болжол менен б.з.ч. 2700-жыл мурун борбор калаа болгон жана бул боробор Ахеменид императорлугунун акырына чейин 3000-жылга созулган. Бизге жеткен тарыхый маалыматтар, эламдыктар бул шаарда жана аймакта 2000-жыл Шуш шаарынын борбордук бөлүгү катары падышачылык кылышкан. Монголдордун Шуш шаарына болгон чабуулуна чейин бул шаар абдан көрктүү, калкы көп шаар болгон жана монгол чабуулунан кийин ал жакка отурукташуу мүмкүнчүлүгү азайганы жөнүндө кабар берет. Ал жакта б.з.ч. 25-кылымдардагы Элам жөнүндөгү документтер табылган. Жада калса ошол доор жөнүндө мүмкүн болушунча көбүрөөк маалымат алууда сакталып калган бир канча кол жазмаларды издөө керек. Бул жөнүндө эки тарыхый жазуу калган, алардын бири кыш менен жазылып, экинчиси чопо менен жазылган. Ал эми мунун үстүндө көптөгөг жылдар бою изилдөө жүргүзгөн профессор Арфинин айтканы боюнча андагы чопо менен жазылган жазуулардын мазмуну жер сатуу жана сатып алуу, мурас каты, төрөлгөндүгү тууралуу күбөлүк жана башкалар болгон жана аларды француздар 4 томдук китеп кылып жарыкка чыгарышкан. “Шуш шаары аймактагы эң байыркы эл жашай турган аймактардын бири жана андагы курулуштар б.з.ч. 4200-жылга таандык. Ошону менен бирге ал жерде табылган алгачкы эл жашоочу тарыхый калдык б.з.ч. 7000-жылга таандык”. Бирок кыш менен жазылган жазуулардын көбү анда салынган храмдардын бетинде болгон жана байыркы Шуш элинин кудайлары тууралуу жазылган. Ал доорлордо ар бир падыша храм салганда ага кыш менен өзү жөнүдө тааныштырып жаздырган. Мисал катары кимдин уулу, кайсыл жердин падышасы болгонун жаздырган. Андан да өзүнүн саламаттыгы жана өмүрүн тилеп салдырган храмды кудайлардын бирине атап салдырып, ал кудай анын жашоосунда демилге берип дайым колдойт деп үмүттөнүшкөн деп айтылат. Андан тышкары храмдарды салган бөлүгүндө болобу же болбосо аларга чейин чалынган храмдарлы оңдоп түзөө иштери жүрөбү, Эламдарда жана Шуш шаарынын борборунда баардык эле чыгыш өлкөлөрүндөй эле алгачкы күндөрдөн баштап эле аял чыгармачылыгы үй менен кана чектелген эмес. Аял киши да эркектердей эле ар андай документтерге кол коюп, соода сатык иштерине катышып, мурас алып, өзүнүн өлүмүнөн соң анын мүлкү кимге жана кандайча бөлүнүшү жөнүндө мурас калтыруу укугуна ээ болгон жана эламдыктардын эң алгачкы документтеринде падышанын апасы, эже-карындашы же кызы деген аттарга көп кезиккен документтер классикалык доор деп аталган доорго таандык документтерге ишара кылат. Эламдыктардын дини өзүнө бир нече кудайчылык негизди камтыган, тилекке каршы кээ бир кудайлардын аттары бир гана акад концепциясынын негизинде жазылган.

Эламдардын борбор калаасы болгон Шуш шаарында сакталып калган элам аялдарынын петроглифтери[оңдоо | булагын оңдоо]

Эламда да башка жерлердегидей эле байыркы заманда каргыш айтуу таасирдүү иш болгон, дубанын күчү Язд кудайынын кудуретинен кем болгон эмес, анткени кудайдын жердеги өкүлү падыша болгон. Чындыкты айтууда аймактын жетекчиси же падыша жана негизги башкаруучунун аттарына ант берүүлөрү абдан маанилүү болгон. Кийинчерээк Шуш жергесинде бири бири менен келишим түзгөн тараптар Иншушинак жана Яшме караб кудайларынын эшигине карап дуба кылып, ант беришкен. Шуш байыркы шаары качандыр бир маалда Рудан жана Элам аттуу эки өтө маанилүү цивилизацияны бириктирген борбор деп эсептелинип, алардын ар биринин экинчисине болгон салымы абдан таасирдүү болгон. Бул аймактын Фарс булуңунун түндүгүнөн орун алышы да Рудан менен кошуна жайгашуусу менен бирге абдан өзгөчө таасирге ээ болгон. Шуш Ахеменид доорунда өзүнүн мурунку абройун эң жогорку деңгээлге көтөрүп Чыгыш менен Батыштын төрт айрылышында жайгашкан. Шуш шаарынын көптөгөн жолдорду, өзгөчө падышахтардын жолу шаардын карым-катнашын бүткүл дүйнөнүн ар түркүн аймактары менен бириктирип турган географиялык жана өзгөчө саясий абалынын маанилүүлүгүн эске алып, бул шаарды Ахеменид империясынын саясий борбор калаасы деп эсетөөгө болот. Падышалардын жолу Ахеменид доорунда улуу Дариуштун буйругу менен салынып, Ахеменид доорунун саясый борбору болгон Шуш шаарын Пасаргад, Персеполис жана башка императорлук шаарлар менен, тактап айтканда Лидия мамлекетинин борбору Сарды деп аталган шаарына чейин жеткен жана ал борбор ошол доордогу Ирандын баш паанек кылуучу жана коопсуздукту сактоочу жери, аскердик бөлүмдөрдү тез арада өткөрүп берүүчү жер, соода-сатык, өнүктүрүүчү, сапар тартууда жо жүрүүнү жеңилдетүүчү жана жолдордун эң негизги эң негизги факторлорун салуу жана аны жайылтууда негизги жер деп айтууга болот. Экинчиден бул жолдорду салуу коопсуздукту, соода-сатык карым катнашты өркүндөтүүнүн өзү эле ар кандай улуттарды бири бири менен тааныштырып, жакындатат. Бул негизинен ар кандай ишенимдерди жана маданитяттарды бири биринен үйрөнүү жана көптөгөн философиялык жана диний ишенимдер так ушул жол аркылуу улуттар арасында бири бирине өткөн, себеби шиит мусулмандарыннын жана ирандык еврейлердин Даниил пайгамбарга болгон ак ниеттүүлүгү үчүн Шуш шаары бир кичинекей эл жашай турган кыштагы. Бүгүнкү күндө Шуш шаары Хузестан облусунун түндүгүндө жайгашып, байыркы тарыхый эстеликтери, анын байыркы маанилүүлүгүнө ээ эмес. “Сус”, “Шуша”, “Сусе”, “Суис” жана “Суиз” сыяктуу аттар Шуш атына тийиши бар аттар түндүк африкага барган ирандык жана араб иммигранттар тарабынан Африканын кээ бир түндүк аймактарына тарапжогоруда аталган аттар ислам доорунда абдан белгилүү болгон жана Шуш шаары исламга чейинки доордо эл аралык деңгээлде белгилүү болгон жана Вавилон, Халдей, Лидия жана Нил ж.б. белгилүү болгондой эле атак даңкка ээ болгон.

Шуш шаарынын байыркы дөңсөлөрү[оңдоо | булагын оңдоо]

Жуи дөңсөөсү Жафар Абад, Бандебал, Бухалан жана Акрупел аттуу дөңсөөлөр Шуш шаарынын түндүк тарабында жайгашкан белгилүү дөңсөөлөрдүн тизмесин толуктап, Шуш аймактарынын тарыхынан көп убакыттар бою сакталып, бир нече тарыхый кадыктар так ошол жакта табылган жана алар Сузиана дооруна таандык. бул дөңсөөлөрдө, айылдарда адамдар отурукташышкан жана бул аймактарда байыркы дөңсөөлөр абдан көп, ал эми биз аттарын атап өткөн дөңсөөлөр андагы белгилүү дөңсөөлөр болуп эсептелет. Шуш Иранагы эң алгачкы эл отурукташкан жана соода сатык жүргүү байкалган бөлүгү жана бул аймакта б.з.ч. 9000-жыл мурун эле айыл чарбачылык менен алектенишкен жана да бул аймак үй салуу, үй бүлөө куруу Месопотамия менен бир заманда болгон. Шушта б.з.ч. төртүнчү миң жылдыктан берки узуун жана ичке кумаралар табылган. Ал эми б.з.ч. биринчи үч миң жылдыкта чоподон жасалган оймо-чийме сызыктары жана жазуулары бар плиталар табылган жана андагы сыр сөздөрдүн мааниси азыркыга чейин чечиле элек. Бул плиталар соода-сатыктагы чыгашалар үчүн салынган. Ал эми ошол жоордо Эламдар Шуш шаарын башкарып, өкүм жүргүзүшкөн. Шуш дүйнө жүзүндөгү эң байыркы шаарлардын бири. Археологиялык казуулар бул аймакта б.з.ч. 9000-жыл мурун дыйкандар отурукташкан жер экенин тастыкташат. Дыйкандар өз жашоосунун тарыхый калдыктарын калтырышкан жана алар азыркы тапта ар кандай байыркы дөңсөлөр катары табылган, ал эми б.з.ч. 5000-жыл мурун бул аймактагы калк сепилдерде жашашкан жана 4000-жыл мурун бул аймактагы жашоо шаардагыдай жашоого айланган жана эламдыктардын саясий борбору болгон. эламдыктардын сепилдери Шуш шаарынын борборундагы дөңсөөлөрдүн үстүндө жайгашкан жана француздар ал жерге жаңы сепил салышкан, анын жанында шах отурукташкан дөңсөө зикурат сымал болгону ыктымал. Ал эми анын жанында кол өнөрчүлөрдүн дөнсөөсү болгон. Ашшурбанапал б.з.ч. 460-465 жылдары Шуш шаарын басып алып, аны башка ашуралыктарды басып алгандай эле жер менен жексен кылган. Бирок Ахемениддердин Дариуш 1 ал жерди кайрадан куруп, өзүнүн Ападан хан сарайын шах дөңсөсүнө курдурган. Хашаяр шах да Шуш аймагында жашаган. Тилекке каршы, Ардашир 1дин доорунда чыккан ири өрттүн натыйжасында Шуш шаарындагы көптөгөн курулшутар жок болгон, ал эми андан калган байыркы тарыхый калдыктар ХХ-кылымда топурактын алдынан табылган. Алардын ири бөлүгү Хузестан айдыңын айыл-чарба жана дыйканчылык иштерин жүргүзүү максатында түздөгөн маалда жана Иран менен Ирактын ортосундагы 8 жылдык согушта талкаланып, көптөгөн зыян келтирилип жок болгон. Батыштын археологдорунун уруксаатсыз казуу иштерин жүргүзүүсү, аталган тарыхый калдыктардын ири бөлүгүнүн жок болуп кетүүсүнө же болбосо алардын Лувр музейи сыяктуу музейлерге алып баруусуна себеп болгон. “Караван, Карахе жана Даз өзөндөрү кесилишкен жердеги Хузестан түндүк айдыңы ана өскөн өсүмдүктөрдү көбөйтүп, үй жаныбарларын жана мал кармоону өздөштүргөн тунма тоо кыркалары менен түшүмдүү жер алгачкы адамзатынын жашоо шартын түзүүгө абдан ыңгайлуу болгон” Б.з.ч. 5000-жыл мурун алар жолдорду жана плотиналарды курушуп, суу маселелерин чечишкен. Гиршман, Жан Перо сыяктуу археологдор Шушта жайгашкан дөңсөлөрдөгү улуу курулуштардын калдыктарын табышкан алар ушул аймактардагы дөңсөлөрдүн канчалык деңгээлде маанилүү экенин көрсөткүчү болуп эсептелет. Жалпысынан Шуш айдыңдарында ар кандай дөнсөөлөр жайгашып, ал ири айдыңда түрдүү дыйкан-чарба, социалдык катмар отурукташышкан жана алардын бары так ошош борбор деп эсемтелген Шушта кол өнөрчүлүк менен жашоо тиричилик жүргүзүүдө ынтымактуу жана биримдикте болушкан. Акыркы жылдарда дөңсөөлөрдүн кыркалаарындагы казуу сыяктуу карама каршы иштер талапка ылайык келбеши мүмкүн, анын себеинен абдан көп талкууга алынган дөңсөлөрдү, эл аралык конвенсиянын негизинде, аталган тарыхый мурастарды оңдоо же кайра куруу, куруу иштерин жүргүзүү же бузуу маданий мурастар уюмунун юридикалык уруксаатысыз болбойт жана 1988-жылы Шуштун байыркы тарыхый жайнактарынын 400 гектар жери аныкталып, коргоого алынды жана кайрадан 2008-жылдын март айында аталган жер кайрадан каралып чыгып 1200 гектар жерди коргоого алуу бекитилди. Андан бир нече жыл өткөн соң Шуш шаарын жаңы шаарга айлантуу шылтоосу менен 1200 гектар жерге 800 гектар жер кошулган, бирок алигиче расмий түрдө бектилие элек. Франциялык археологдор жана Шушту талар-тоноо Шуш аймагында жайгашкан ападандардын Дариушунун хан сарайынын устундарынын башы б.з.ч. 510-жыл мурун Дельафуа тарабынан Насир аддин Кажар доорунда кеме менен Ирандан алып чыгылып, азыркы тапта Лувр музейинде жайгашкан. Вениамин Тудельский эң алгачкы дүйнөлүк туристтердин катарында Шушка келипэч бир казуу иштерин жүргүзбөй туруп эле бул аймак Тораттын шуштуктары деп аныктаган, ал эми көбүнчө Месопотамияга изилдөө жүргүзгөн англис археологдору аталган аймактагы изилдөө иштеринин чыгымына байланыштуу, азырынча бул проектти баштабай турууну чечишкен. 30 жылдан кийин Марсель жана мадам Жан Диулафоу аттуу франциялык жубайлардын Иранга болгон сапарында аталган аймактардагы дөңсөөлөрго өзгөчө көңүл бурушуп, мадам Жан Диулафоу өзүнүн Иранга болгон сапар аттуу күндөлүк аттуу белгилүү китебинде аталган аймак тууралуу толук түшүндүрмө берген. Ошентип ал Францияга кайтып келгенинде Лувр музейинин жетекчиси менен Шуш аймагын изилдөө жөнүдө атайы каражат бөлүү жөнүндө сүйлөшүп, каражат бөлдүргөн соң кайра Иранга келишип, аны изилдөө тууралуу 1895-жылы 2-майда Насир ад дин шахтын француз дарыгери болгон Тулозан аркылуу уруксаат алышкан. Ошентип, андагы эстеликке ондоодон башка кол бийбөө шарты менен алгачкы казуу иштеринин келишими бекитилген. Казтүнуу иштеринин бардык чыгымды Франция өкүмөтү өзүнө алган жана Иран каржы кызматынан толугу менен бошотулуп, Абул Рарим хан франциялыктардын казуу иштерин көзөмөлгө алуу үчүн дайындалган. Бул келишим бир четинен чырдуу келишим болгон анткени, франциялык жубайлар казылып алынган тарыхый калдыктарды бөлүүдө, Абул Рахим ханга маалымат берестен 55 сандык тарыхый калдыкты Ирандан Францияга алып чыгып кетишкен. Алардын арасынан Улуу Дариуштун хан сарайынан алынган канаттуу сфинкс (глазурдалган плитка) жана дагы бир байыркы Шуштун тарыхый калдыгы Лувр музейинде сакталган. Насир Ад дин Шахтын берген маалыматы боюнча француздарга келишимди улантуу жокко чыгарылганы жана Иран казуу иштерин жүргүзгөн археологдордун иштерин токтоткону тууралуу айтылган. Ошентип, аталган келишимди жокко чыгарылганы менен франциялык делегация Иранга казуу иштерин жүргүзүүдөгү шаймандарын Францияга алып кетүүгө барганда, ал иш толугу менен Мирза Таги хандын көзөмөлүндө болгон, ошого карабай бул жолу да франциялык жубайлар Мирза Таги ханга пара берүү жолу менен, аймактын 327 сандык тарыхый калдыктарын кеме аркылу Францияга чыгарып кетишкен. Ошентип бул маселе көптөгөн талкууларды жаратып, бирок эч бир майнап чыккан эмес, анткени франциялыктар маамлымат массалык каражаттарына берген маектеринде аталган тарыхый калдыктар Кажар өкүмөтү тарабынан аларга берилгени жана Насир ад дин шах аны таптакыр жокко чыгарып жаткан нерсе тарыхый документтердин негизинде, маектер жана да чыгыштаануучулардын жазууларынын негизинде далилденип, коркутуп-үркүтүү менен араңдан зорго Ирандан алынып чыгып кетти дешкен. Андан 5 жыл өткөн соң бул келишим 1900-жылы 10-августта он бир бөлүмдөн турган жаңы келишим белгилүү шах Музаффар ад дин дин атынан түзүлгөн. Ошентип бардык Иран жергесинен казылып алынган археологиялык казуулардагы тарыхый калдыктардын баары 60 жыл бою франциялыктарга берилип турмак, бирок 27 жыл өткөн соң, бул келишим 1927-жылдын 18-октябрь айындагы межлистин улуттук советинде, бешинчи мыйзам кабыл алуу отурумунда талкууга алынып, бул келишим шарттуу түрдө токтотулуп, андагы бардык иш аракеттер мыйзамсыз деп табылган жана андан соң археология тармагындагы иштерди алып баруу үчүн атайы уюм түзүлгөн. Ошентип, профессор Арфаинин айтканы боюнча, Ападан хан сарайына кол салуу болгонго чейин казуу иштери жүргүзуп, баш аламандыкка учураткандыктан, хан сарайдын бузулушуна алып келген. Де Морган менен Ролан бул аймактагы илимий ачылыштарга караганда байыркы антиквариаттарга көбүнчө кызыгышкан, мындай далилдин себеби, андагы курулуштар хан сарайлар менен ибадаканалардын калдыктарынан салынган, ал эми Гришман археолог катары байыркы баалуу жазууларды гараж куруу менен андагы жогору көтөрүлгөн тепкичтерди колдонгон. 1968-жылдан баштап Роман Гришмандын пенсияга чыгуусу менен Жан Франсуа Пероу Шуш аймагынын археологиялык казуу иштерин өз жетекчилигине алган. Пероу бир жылдан соң өз ишин Даниель Лаири менен бирге Ападанадагы Ахеменид хан сарайынан баштап, Улуу Дариуштун эстелиги жана хан сарайдагы кол жазмаларды табуу башаты болгон. Пероу болжол менен 15 жылдай убакыт аралыгында Шуштагы археологиялык казуулардын убактылуу жетекчиси болгон жана бизде калган жазуулардын негизинде Пероу аймактагы тарыхый калдыктарды талап тоноо, жок кылуу эмес илимий жактан изилдеген археологдордун бири болгон. Ал эми акыркы жылдарда байыркы чектөөлөр жөнүндө келишпестиктер пайда болуп, Хузестан облусунун Маданий мурастар уюмунун жетекчиси Шуш шаарынын мэриясы менен болгон келишимдин негизинде, мындан ары аталган аймакта эч бир курулушка уруксаат берүү, куруу иштерин жүргүзүү, түзөтүү иштери Маданий мурастар уюмунунун уруксаатысыз жүргүзүлбөйт жана ал жактагы жаңы кылынып аткан куруу, түздөө иштеринин бардыгы токтотулсун деп чечишкен. Андан тышкары, Маданий мурастар уюмунда алардын адитсери тарабынан аталган жайдын архитектурасы, куруу планы жөнүндө атайы техникалык дептер ачуу жөнүндө сүйлөшүлгөн.

Археологдордун жаңы ачылыштары[оңдоо | булагын оңдоо]

Шуштагы сарайладын кампаларын тизмеге алуу менен бөтөнчө нерселер табылган. Бул нерселердин жөнүндө маалымат азыркы тапка чейин билин элек. Алар чакан сыйынуучу храмдын сөлөкөтү, керамикалык кайык, жазуулары бар мөөр жана алгачкы элам жазылган чопо жазуулар бар, Шуш аймагынын сарайларынын тизмесин көзомөлго алган Аббас Алиреза бул маалыматты толуктап “Шуш кампаларынан табылган нерселер керамикадан жасалган бүтүн идиштер, керамикалардын бөлүктөрүнөн башкасынын баары жаныбарлардын сөөктөрдөн, курч миздүү жана таштан жасалган нерселерден турат. азыркы тапта бул жаңы табылгалар ирандык жана чет элдик изилдөөчүлөр менен магистрант, докторантура бөлүмүндөгү даражасындагы студенттерге, аларды тереңирээк изилдөө максатында берилген. Бул керамикадан жасалган парус кайыгы б.з.ч. 440-жылга таандык.

Шуш шаарынын климаты жана табияты[оңдоо | булагын оңдоо]

Шаш шаарынын климаты ысык жана кургак келет. Бул шаарчанын борборунда эң жогорку даража жайкысын 53 даража сельсия ысык болуп, эң ылдыйкы даража 1 даража ысык болот, бул шаардын климаты абдан бийик кысымдуу климаттын таасири кээ бир жайкы күндөрдө күндүн үп болуп ысышына алып келет. Бул шаарчанын 219 ыйыл-кыштактарынын ичинен 155инде гана суу бар. Ал эми Хузестан облусунун 4015 айыл-кыштактарынын 1118инде суу абдан тартыш жана болгону 301 айылга суу ташуучу танкер менен суу жеткизилет. Шуш аймагыны тарыхый тосмолонгон жерлери Иран Ислам Республикасынын он сегизинчи мурасы катары ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесине катталган. Бул каттаалуу 2015-жылдын 4-июль айында ЮНЕСКОнун Германиядагы Бон шаарындагы отурумунда дуйнөлүк тизмеге катталган. Шушу аймагыны маданий мурастар катталган документине Шавурдун хан сарайы, Ападана, Чыгыш дарбаза, Хедиш, Он бешинчи шаар, Ахеменид кыштагы, Шушу коомдук мечити жана Ислам доорундагы имараттардын жыйындысы, Акрупел тепкичтери жана франсуз сепилдери кирет. Франциялык археологдор аталган аймактагы алгачкы казуу иштерин Кажар доорунда жүргүзүшкөн. Анын негизинде жакынкы алдын ала эсептлр боюна 400 гетар кароого алынган жерди Шуш аймагынын байыркы жери деп аныкташкан. Бирок маданий мурастар тарабынан жургүзүлгөн археологиялык изилөөлөрдө Шуш аймагынын кароого алынган жери көмүскөдө калган жерлерди кошкондо 800 гектарга жетет.

Шуш шаарынын экономикасы[оңдоо | булагын оңдоо]

Шуш шаарынын экономикалык абалы негизги Тегеран-Хорремшехр жолду салуу менен трансирандык теми жолу менен башталат. Анын тарыхый мааниси туристтерди жана Даниель Набинин хан сарайына көрүүнү каалагандарды өзүнө тартып, анын негизинде шаардын тургундарынын саны көбөйгөн. Бул шаар 1956-жылы муниципалдык шаарга айланып, Дез плотинасын курууда, электр энергиясы өткөрүү, заманбап сугат системаларын, өнөр жай тармактарын культивациялоо, өзгөчө Хузестан облусунун жети дөңсөө менен көптөгөн өнөр жай обьектилерин жоңго салышты. Шуш шаары ири экономикалык трансформациялоого дуушар болду, ал улуттук экономикадагы өзгөчө орду менен мамлекеттик өнүгүү болуп эсептелет. Ыңгалаштыры инвесторлорду өзүнө тартуу, аталган аймактагы экономикалы абалды өнүктүрүп өстүрүү өзгөчө кызмат корсөтүү бөлүмү биринчиден соода сатык тармагы жакшырып, экинчиден өнүгүп өстү, анын себебинен бул аймактардагы адамдар ири тобу жумуш менен камсы болду. Шуш шаарында кызмат көрсөтүү башка аймактарга караганда жакшыраак.

Айыл-чарба жана жаратылыш ресурстары[оңдоо | булагын оңдоо]

Шуш шаарындагы Дез, Карахе жана Шавур дарыялары, атайын Хузестан облусундагы айыл-чарба иштери үчүн бөлүнгөн. Дез жана карахе дарыяларынын тегерек четиндеги өскөн бак дарактар, аймактагы эң чоң эс алып, көңүл ачуучу жайга айланган. Шуш шаарынын айыл-чарба жерлери б.а. дарыялардагы дайым толуп турган суулары, жер алдындагы суу горизонттору, дарыялардын чеке-белинде өскөн бак-дарак өсүмдүктөр, суу тутүктөрү, пляждар, көптөгөн бакчалар, жайыттар менен атайы жашылча өстүрүүчү жылуу жыйлары андагы айыл-чарба иштеринин (айыл чарба, мал чарба, балык улоо иштери) активдүү болушуна себеп болгон жана булар аталган аймактагы эң маанилүү экономикалык ишмердүүлүк болуп саналып, тырышчаак, ишмер калктын көбүн өзүнө тартат. Анын ичинен айыл чарба тармагы өзгөчо мааниге ээ болуп, болжол менен 85 пайыз калк айыл-чарба иштери менен алектенет. Ал эми Шуш шаарынын температура жаан чачын изилдеп, бул аймакта аз дегенде жылына 6 ай жаан чачындын аз болушу белгилүү болгон жана жылына ири талаалар буудай, кант кызылчасы, жүгөрү жана башкаларды айдаганга жумшалып, аймактагы суу бөлүштүрүү пбдпн чөн маанигее ээ.

Шуш шаарынын кооз жайлары[оңдоо | булагын оңдоо]

Викисапардын Шуш шаарына болгон сапары

Чогазанбил[оңдоо | булагын оңдоо]

Негиги жазылышы: چغازنبیل Чогазанбил Элам доорунда б.з.ч.1250 жыл мурун салынган Шуш шаарына жакын жайгашкан байыркы зикурат храмы. Чогазанбил 1979 жылы Ирандын ЮНЕСКОнун дүнолук маданий мурастар тизмесине катталган эң алгачкы тарыхый мурасы. Эл аралык коом ал жерге дүйнөлүк деңгээлде маани бери өзгөчө көңүл бурушат. Чал эми Чыгыш таануучулар Шуштун зикуратын Ирандын эң алгачкы диний имараты деп билишет. Бул храм байыркы Элам доорунун улуу падышасы Унташ-Напириш тарабынан. Чогазанбил зикуратынын географиялык жайгашуусу Шуш шаарынын түштүк тарабынан 45 километр аралыкта Хафт таппе тарыхый аймагынын жанында жайгашкан.

Ардашир хан сарайы[оңдоо | булагын оңдоо]

Негизги жазылышы: کاخ شاوور (اردشیر دوم)Кахе Шавур (Ардашир II) 1966-жылы Шавур дарыясынын батыш тарабында жаңы хан сарай табылган. Бул хан сарай 34/6*37/5 метр жана 64 устундан турат. Устундардын түбү таштан түптөлүп, дубалдары кыштан курулган. Бул хан сарай Ападананын батыш тарабынан 350 метр алыстыкта жайгашып, Ардашир II тарабынан салынган.

Карахе балкону[оңдоо | булагын оңдоо]

Негизги жазылышы: ایوان کرخه (карахе балкону) Карахе балкону Сасанид доорунан калган Шуш шаарынын маданий мурасы, ал Сасани Шапур II (309-379) заманында салынган. Бул имарат шуш шаарынын түндүк-батыш тарабындагы урандылары, Дизфульдун түштук-батыш тарабынан 20 километр жана Карахе дарыясынын оң тарабында жайгашкан. Сасаниледин жер алдында калган эң толук жана эң чоң шаары болгон. Азыркы тапта ал имараттардын кээ бир бөлүктөрү гана калган.

Сөздөр[оңдоо | булагын оңдоо]

  • Elam
  • Achaemenid Empire
  • Torah
  • Middle Ages
  • Daniel (biblical figure)
  • Yazata
  • Semitic people
  • Shamash
  • Nahhunte
  • Huban
  • Inshushinak
  • Mesopotamia
  • Royal Road
  • Darius I
  • Pasargadae
  • Persepolis
  • Lydia
  • Persian Jews
  • Babylonia
  • Chaldea
  • Pottery
  • Clay tablet
  • Castle
  • Karkheh River
  • Dez River
  • Ziggurat
  • Ashurbanipal
  • Roman Ghirshman
  • Jean Perrot
  • Benjamin of Tudela
  • Marcel Dieulafoy
  • Jane Dieulafoy
  • Joseph Désiré Tholozan
  • Jacques de Morgan

Булактар[оңдоо | булагын оңдоо]

  • ”2011- жылдын жалпы отчету” Түштүк Хорасан губернаторунун программасы (Иран борборлук статистикасынын негизинде. 2012жыл
  • 4200 BC: Susa is founded in western Persia scaruffi.com
  • ”Абдумажит Рафии менен болгон маек” Жаме жам журналы, 2012-жыл
  • ”Иран тарыхы” Жорж Камрун, маданий илимий басма, биринчи чыгарылыш
  • 5,0 5,1 Иран тарыхынын атласы
  • ”Кажар доорундагы Шуштагы эң байыркы казындылар” Ирна, 2013-жыл
  • Шууш шаарынын мурунку архитектуралык казуучулары” Жаме жам журналы, 2012-жыл.
  • Шуш тарыхый шаарындагы курууларга уруксаат берүүнүн алдын алуу” Жаме жам, 2014-жыл.
  • Шуш шаарындагы 6500 жылдык керемикалык парус кайыгы” Жаме жам, 8-февраль 2015-жыл.
*Ахсан Элтекасым, Ыйыктык, экинчи бөлүм, 620 б. 
  • Иран доору
  • Исна кабар агенттиги
  • Фарс кабар агенттиги
  • Рузнаме шарг (Чыгыш гезити), 1598 номуру, 8-август 2012-жыл, 13 б. Жазган: Надере Ваилизаде.
  • Шуш аймагындагы коргоого алынган тарыхый жерлери, шуш кабар агенттиги, 24 http://www.shush24.ir]
*Шуш аймагыны дүйнөлүк мурастар тизмесине кирген тарыхыы, Ирна Иран ислам Республикасынын кабар агенттиги,  http://www.irna.ir.
  • Шуш аймагында соя өстүрүлө баштады, Жаме жам, 2012-жыл.
  • Табанк
  • Хамшехри
  • Иран доору
  • Иран доору
  • Шуш шаарында коомдук китепкана ачылды, 10 февраль *https://fa.wikipedia.org/wiki/%D8%B4%D9%88%D8%B4