Шыбыргак

Википедия дан

Шыбыргак – майдалап, бүртүк-бүртүк болуп жыш жаап турган кургак кар жана суукта борошолоп жааган жаан. Кээде шыбыргактын бөлүкчөлөрү жылбырап муз менен капталып жаайт. Шыбыргак түрмөктөлгөн жамгырлуу булуттардан абанын темп-расы 0°Сге жакын болгондо, көбүнчө жазында жана күзүндө жаайт.

Шыбыргак «Манас» эпосунда төмөнкүчө сүрөттөлөт.

«Асмандан мөндүр шыбыргак,
Борошосу бургулап.
Каршы терши ургулап»

Колдонулган булак[түзөтүү | булагын түзөтүү]