Шыктануу(Илхом)

Википедия дан

Эргүү,шыктануу,илхом келүү чыгармачылык убагында (чыгарманы жазып жатканда, же жазар алдында) жазуучунун ой жортуусу, иштөө шыгы, жөндөмдүүлүгү эң бийик даражага жеткен чекити эргүү шыктануу илхам келүү деп аталат. Турмуштук кеңири байкоолордун негизинде жаралган кандайдыр бир идеяны, образдык курулушту жазуучу эргүү учурунда таамай сезет, даана көрөт, анын көркөм аң-сезими эң эле тунук жана эффективдүү иштейт, чыгармачылык кыйналууну сезбейт, баары тең өзүнөн-өзү куюлушуп келгендей жеңил чыгат. Мындай чыгармачылык абал илимий жаңылык ачкан окумуштууга, жооптуу чечимдерди кабыл алган мамлекеттик ишмерге, сүрөт тарткан сүрөтчүгө, музыка жазган композиторго, айтор дегеле чыгармачыл инсандардын бардыгына дээрлик мүнөздүү.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]