Мазмунга өтүү

Ыйык Елена аралы

Википедия дан

Ыйык Елена аралы Атлантика океанынын түштүк бөлүгүндө.

Улуу Британиянын колониясы. Аянты 122 км1. Калкы 4,8 миң (1968). Башкы шаары жана порту - Жеймстаун. Негизинен базальт тоо тегинен түзүлгөн; түштүк бөлүгүндө өчкөн жанар тоонун бир нече кратери бар. Бийиктиги 818 м, климаты тропиктик, пассаттык. Шалбаа жана бадалдар өсөт. Негизинен Жаңы Зеландия зыгыры (экспорттун 85%) өстүрүлөт. Аралды 1502-ж. португалиялыктар ачкан. 1815-ж. ал жерге Наполеон I айдалган.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Т. 6. Тоо климаты - Яшма. -656 б.