Ыйык Тадеус чиркөөсү

Википедия дан

Ыйык Тадеус чиркөөсү کلیسای تادئوس مقدس[түзөтүү | булагын түзөтүү]

ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесиндеги аты Кара келиса, Ыйык Тадеус чиркөөсү, (армян тилинде: ՍուրբԹադէոսվանք, Сурб Тадевас Ванк, англис тилинде: St. Thaddeus Monastery), тарыхый чиркөө Батыш Азербайжан облусунда жайгашкан.

Чиркөөнүн байыркы жана азыркы учурдагы аты[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Чиркөөнүн аты жана тарыхы тууралуу ар кандай ойлор айтылып келет Бул чиркөө армяндарын ыйык туткан инсаны Сураб Тадеуси Ванг (латынча: Surb Tadeosi vank) атынан Ыйык Тадеус чиркөөсү деп коюлган. (Ыйык Тадеус чиркөөсү) Исанын апостолдорунун бири, Христиан динин жайылтыш үчүн түштүк Арменистан тоо жакаларына келген. 66-жылы Ыйык Тадеус, Сандухт, падыша кызы жана бир канча адам менен бирге христиан динин кабыл алган, ошол замандагы Арменистандын падышасынын буйругу менен колго түшүрүлүп, кыйноолордун натыйжасында шейит кеткен жана Ыйык Тадеустун сөөгү азыркы чиркѳѳнүн орун алган жерине бир канча убакыттан соң, алынып келинип көмүлгөн. “Кара” Азербайжан элинин Түрктөрдүн үстөмдүгүнө чейинки доордогу тилинде “чоң, бийик, күчтүү” деген маанини берген. Бирок хижрий жылынын XIII кылымынан баштап “کارا” кара, “قره”каре деп алмашылып калган, ал туура эмес, негизги жазылышы Кара чиркөө, чоң чиркөө дегенди билдирет. Этимологдордун изилдөөсүндө (кара) сөзгө төмөндөгүдөй жооп беришет. “کارا” кара жана “قره” эки сөз тең туура. Эки сөз тең кымбат, бийик, күчтүү, чоң, маанилүү деген мааниде. Эки сөздүн тең түп тамыры иран тилинен келип чыккан. Хижрий жыл санагынын XIII кылымындагы тарыхчылар өзүлөрүнүн жазууларында Ыйык Тадеус чиркөөсүн “кара келиса, кара чиркөө” деп жазышкан. Анткени чиркөөнүн чыгыш тарабы кара таш менен курулган. Кээ бирлер Кара келисаны, кара чиркөө деп чечмелешет (түрк тилиндеги сөз ошол маанини берет). Бирок тарыхка таянсак Азербайжан элинин тили түрктөрдүн үстөмдүгүнө чейин, азер тили (байыркы азербайжан тили) болгон. Азер тили болуп саналган тати жана хурзани диалектеринде куле же кала сөздөрү чоң деген маанини берген. Кара сөзү түркий азер тилинде чоң деген мааниде жана ал калон деген сөзгө айланып кеткен. Ошондуктан кандай гана болбосун чиркөөнун мааниси чоң дегенди билдирет. Армяндар монастырларды, маданий, өнөр, адабий жана диний комплекстерди “ванк” деп аташат. Тадеус ванк армяндардын башка ванктарындай аалымдардын, хаттатардын, жазуу өнөрлөрүнүн, философтордун, тарыхчылардын жана окумуштулардын жайы болуп саналат. Азыркы учурда айтылган чиркөө кара келиса деген ат менен белгилүү.

Чиркөөнүн жайгашкан жери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бул чиркөө ирандын түндүк батышында, Батыш азербайжан облусунун Чалдарон шаарчасына жакын, Кара келиса айылында, Сияхчешме шаарынан жыйырма километр түндүк чыгыш тарабында орун алган. Ошондой эле Маку шаарынын түштүк тарабында жайгашкан.

Ыйык Тадеус чиркөөсүнүн географиялык орду[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ыйык Тадеус чиркөөсү гринвич жарым күндүгүнөн 46 градус жана 33 мүнөт географиялык узундукта жана 39 градус жана 6 мүнөт географиялык эркиндикте жайгашкан.

Аймактагы тарыхый изилдөө иштер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бул чиркөө 1956-жылы 31-январда 405 номуру менен улуттук каттоодон өткөн жана ошондой эле 8-январь 2008-жылы 32-жыйындын негизинде чиркөөлөр комплекси “кара келиса же Ыйык Тадеус”, Ыйык Степанус чиркөөсү жана Зурзур чиркөөсү ирандын тогузунчу тарыхый булагы катары ЮНЕСКОнун бүткүл дүйнөлүк мурастар тизмесине катталган. Доктор Вольфрам Калойс германия археологиялык институнтунун мүчөсүнүн изилдөөлөрү боюнча, Иранда жогорку айлана чөйрө, жасалма көл, мал жайуучу жер жана тамак аштарды даярдоого ыңгайлуу жер болгон.

Байыркы тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бул чиркөөнүн курулуш тарыхы Мовсес Хоренаци, Армян тарыхчысынын айтуусу боюнча христиан доорунун алгачкы заманына таандык. Бул чиркөө ыйык Тадеустун христиан дининин апостолдорунун биринин күмбөзүнүн үстүнө курулган. 1243-жылдан баштап Ыйык Тадеус чиркөөсү ар кандай тарыхый булактарда жана китептерде, өзгөчө армяндардын диний жазууларында көп эскерилет. Бул чиркөө көптөгөн жылдар бою өз доорунун күч ээлери тарабынан тонолуп турган жана табигый кырсыктар, жер титирөө сыяктуу көрүнүштөрдөн бир топ зыянга учураган. Тадеус чиркөөсү тарыхый таржымалында экиге бөлүнөт: байыркы кара түс жана азыркы ак түс, булардын ар бири өзүнүн тарыхчасына ээ. Алгачкы ирет Чынгыз хандын кол салуусунда Кара келисанын көп бөлүгү кыйроого учураган бирок Хулагу хандын заманында бул чиркөө Насир ад Дин Тусинин урматы үчүн калыбына келтирүү аракети болгон. Ошондой эле тарыхый маалыматтарга таянсак чиркөөнүн байыркы бөлүгүнүн жанында мехраб орун алган, ал XIV-кылымда (1391-жылы) жер титирөөдө чиркөөнүн ал курулушу кыйрап калган, ал эми азыркы курулуш “Закария апостолунун” эки туугандары апостол Петр жана ыйык Саркис тарабынан он жыл ичинде оңдолуп, кайра курулуп чыккан жана 1401-жылы кайрадан чиркөөнүн эшиктери зыяратчыларга ачылган. Ошондой эле чиркөө 1691-жылы кара таштар менен жана 1810-жылы Семен Безнуни, Маку шаарынын апостолунун буйругу менен ак таш менен кайра курулган. Семен безнуни ак мрамор таштарын “Кара Булак” жана “Шаваршан” аймагынан (Маку шаары) алдырып келдирген жана чиркөөнүн эски батыш тарабын кайра курдурган. Чиркөөнүн жаңы имараты Кажар доорунда Аббас Мирзаинин буйругу менен аткарылган. Жаңы чиркөө ак таштар менен Арменистандын эң алгачкы жана маанилүү, Эчмиадзин кафедралык чиркөөсүнөн үлгү алынып кооздолгон. Бул чиркөөнүн куруу иштери Аббас Мирзаинин өлүмү менен токтолуп калган.

Ыйык Тадеус чиркөөсүнүн түзүлүшү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кара чиркөө же кара келиса уникалдуу өзгөчөлүктөргө ээ. Кара чиркөөнүн курулушунун техникалык жана көлөмдүк тарабынан, сүрөт өнөрүнүн бирден бир баа жеткис жана салыштыргыс чеберчилиги байкалат. Архитектуралык өзгөчөлүгүн эске алуу менен бул тарыхый курулуш чиркөөнүн айланасын коргоо дубалдары жана негизги кире бериш дарбазасы менен уникалдуу сепил экендигин айгинелейт. Сепилдин төрт тарабында догоо сымал төрт мунара орун алган. Ыйык Тадеус чиркөөсү бир канча бөлүктөн турат, анын ичинде чыгыш жана батышындагы эки короо, кырк жети бөлмө, ал эми бөлмөлөр аалымдарга, изилдөөчүлөргө, жазуучуларга, чиркөөнүн жана китепкананын кароолчуларына таандык болгон. Ошондой эле кичинекей жер төлөө да жайгашкан жана ал жерде ашкана, тегирмен, тамак аш сактоочу жай орун алган. Тадеус чиркөөсүн бир имарат катары алып карасак болот. Андан сырткары өзгөчөлүктөрүнүн бири, эгер Армяндардын алгачкы ибадатканалары төрт бурчтук түрүндө курулган болсо бул чиркөө тик бурчтуу курулган. Чиркөөнүн чыгыш бөлүгү кара мрамор таштары менен курулган жана чиркөөнүн 1391-жылкы жер титирөөдөн сакталып калган жалгыз бөлүгү. Анын ичинде мехраб, тараптык бөлмөлөр жана кичинекей күнбат орун алган. Ошондой эле “ыйык” армения шахзааданын кызы, “сандухт” падышанын кызы, христиан динине болгон ишеними үчүн жан бергендердин сөөгү дөңчөнүн үстүндө, чиркөөнүн бир тарабына көмүлгөн.Чиркөөнүн ички бөлүгүндө бир канча таш кабырлар жана таштан жасалган көлмө бар, ошондой эле чиркөөнүн дубалдарында бир топ ар түрдүү асыл сүрөттөр тартылган. Чиркөөнүн чатыры дага кара жана ак мрамор таштары менен кооздолуп жабылган.

  • Чиркөөнүн бөлүктөрү
  • негизги чиркөө,
  • коңгуроо мунарасы,
  • кире бериш,
  • мунара,
  • чыгыш короосу,
  • батыш короосу,
  • анбар.

Ыйык Тадеус чиркөөсүнүн колдонулушу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бул чиркөө христиан дининдеги алгачкы кафедралык чиркөө катары таанымал. Айта кетчүү нерсе Ирандык армяндар ар жылдын июль айынын орто ченинен баштап Ыйык Тадеус жана анын шакирттеринин өлгөн күндөрү катары, Кара келисада жыйындар өткөрүлүп турат. Бул жыйындар Иран армяндары жана Ирандагы бир катар Христиан дининдеги мамлекеттердин элчилеринин катышуусу менен өткөрүлөт. Чиркөөнүн азыркы абалы: Бул чиркөөдө армяндардын диний аземдерин өткөзүүдөн бөлөк, башка өлкөлөрдөн жана ирандын ичинен келген мусаапыр, туристер үчүн эшиги ар дайым ачык.

  • Ичинде: касса, коопсуздук техникалык бөлмөсү, армяндар епискобунун бөлмөсү, ашкана, белек тартуулай турган жер.

Ыйык Тадеус чиркөөсүнүн тарыхчасы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Хижрий жыл санагы менен 644-645-жылы кайра курулуп чыккан. Аббас 1 Сефевиддер шахынын армяндарга колдоо көрсөткөнү анын жогорку курулушту кайра курдурганы далилдеп турат. Аббас Мирзаи курулуштун кооздо иштерин аткарган. Кара чиркөө Ыйык Тадеус мазары Иса Машаяктын апостолдорунун бири болгон. Тарыхый булактардан алынган маалыматтар боюнча армяндар зартушт динин тутунган, ал эми калган бөлүгү митраизмди тутунган. Алгачкы ирет 43-жылы эки апостол ыйыкТадиус жана ыйык Барталемиус түндүк месопатамияны аралап өтүп Иса машаяктын сөздөрүн жеткизүү үчүн ушул аймака келишкен. Ыйык Тадеус Иса машаяктын апостолдорунун бири жана армян чиркөөсүнүн негиздөөчүлөрүнүн бири катары 66-жылы христиан динине чакыргындыгы үчүн өлүмгө буйрулган. Анын күмбөзү кара келисада жайгашкан жана армяндардын ыйык зыярат аймагына айланган. Ар жылы июль айынын акырында көптөгөн христиан дининдегилер мамлекеттин жана дүйнөнүн ар бурчунан Тадиус чиркөөсүнө чогулуп келишет жана чиркөөнүн айланасына чатыр тигип орун алышат. Тебриз чиркөөсүнүн милдети чет элдик христиан дининдегилердин кооопсуздугун карашат жана ар жылы канча бир суммадагы акча чет жактан чогултулат. Ал акча иран христианиндерине жана чиркөөлөрүнүн керектөөсүнө сарпталат.

Ыйык Тадеус чиркөөсүнүн аймактык түрү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бул чиркөө тоолу Чалдарон шаарында, Батыш азербайжан облусунун бийик аймагында орун алган. Чиркөөнүн курулушу тоо этегинде орун алган жана чыгыш тарабынан ылдыйышта турган капчыгайга жана андан дарыяча агып өткөн өрөөндө жайгашкан. Чиркөө 200x150 метр аянтында курулган жана бийик дубалдар, мунара менен тосулуп эчмиадзин кафедралык чиркөөсүнө аябай окшоштугу бар.

Калыбына келтирүү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тадиус чиркөөсүндө бир канча ирет калыбына келитүү иштери жүргүзүлгөн. “Ыйык Закария” монастыры жогорку чиркөөгө жакын жерде турат жана аны жаңылантууда маанилүү ролду ойногон.

Ошондой эле[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Зурзур чиркөөсү
  • Ыйык Степанос монастыры
  • Армян апостол чиркөөсү
  • Булактар (өзгөртүү)
  • Иран армяндарынын чиркөөлөрүнүн китеби, автор: Лина Малкамиан, экинчи басылма
  • Иран армяндарынын китеби, Андраник Хувиян, эл аралык цивилизациялар борбору
  • Иран чөлдөрү,архитектура жана тарыхый курулуштар, кара келиса жана Маку шаары сайты
  • Иран армяндарынын чиркөөлөрү, автор: Андраник Хувиян, мамлекеттин маданий мурастар уюму
  • Кара келисадагы археологиялык жана геофизикалык изилдөөлөр, автор: Бехрузхан Мухаммади
  • Ыйык Тадеус монастыры (Кара келиса), автор: Шахин Хусапиян
  • Кара келиса же кара чиркөө, этимологиялык изилдөөлөр
  • Кара чиркөө же ыйык тадеус чиркөө сепили, Гульназ Адал
  • Ыйык Тадеус чиркөөсүнүн алтымышынчы зыярат жылы, автор: Рита Зарифния

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Ыйык Тадеус монастыры, автор: Шахин Хуспиян
  • Архитектура жана тарыхый курулуштар, Кара келиса
  • Ыйык Тадеус монастыры, автор: Шахин Хуспиян
  • Кара чиркөө же ыйык тадеус чиркөө сепили, Гульназ Адал
  • Кара келиса же кара чиркөө, этимологиялык изилдөөлөр, автор: Пезешк Жами Шакиби Гилани
  • Хафиз. Маку жана Чалдарон тарыхта
  • Хафиз. Маку жана Чалдарон тарыхта
  • Иран дүйнөлүк асарынын ЮНЕСКОдогу тогузунчу катталышы
  • Ыйык Тадеус монастыры

https://fa.wikipedia.org/wiki/%D9%82%D8%B1%D9%87_%DA%A9%D9%84%DB%8C%D8%B3%D8%A7

Маданият, Архитектура