Ыйык ат

Википедия дан

Ыйык ат, Ыйык серке — ыйык кылып эркин коё берилген мал. "Манас" эпосунда ырым катары колдонулган диний түшүнүк катары көп жолугат. Мисалы, Коңурбай Кулансурду олжолоп алып, ыйык көтөрүп жылкысына кошот:

Тай чагында мен муну

Талоондон алган малым деп,

Мойнуна калмакча бурчак чалыптыр,

Ырымы экен чочконун

Ыйык ат кылып алыптыр, 

Көп жылкынын ичине

Сетер коюп салыптыр (Саякбай Каралаев, "Семетей", 1. 196).

Коңурбайды сүрөттөөдө "Серкесин сетер көтөргөн, Мингени ыйык ат болгон" (Саякбай Каралаев, "Семетей", 1. 364), — деп айтылат, к. Сетер көтөрүү.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4