Сетер көтөрүү

Википедия дан

Сетер көтөрүү (моңголчо сетер — ыйык) — ыйык кылып эркин коё берилген мал. Жакшы көргөн бир малды сүйгөн баласына арнап, аны ыйык көтөрүп, балага шыйрагын карматып, ырымдап малга кошуп жиберет. Анын этин жебейт, жүнүн албайт. Көбүнчө серкени кыргыз эли ислам динине кире элек кезде колдонгон. Бирок, мусулман болгондон кийин деле бул ырым эл ичинде сакталып калган. Калмак-моңголдордо да ушул сыяктуу мааниде колдонулат. С. к. жөнүндө "Манас" эпосунда көбүнчө кошокторго карата айтылат:

Кечилдин жайы мына бул

Өгүзү карып, өзү өлгөн,

Кечилдердин адети —

Өлгөндүн малын тең бөлгөн

Серкесин сетер көтөргөн(Курама вариант, 2. 25)— деп Бокмурун ашка кабар бергенде жаш Айдарга Коңурбайдын элин сүрөттөйт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4