Ыктымалдуулук

Википедия дан

Ыктымалдуулук - чексиз жолу кайталанган шартта кандайдыр белгилүү окуянын пайда болуу мүмкүндүгүнүн сандык мүнөздөмөсү.

Ыктымалдуулук түшүнүгү кандайдыр бир окуянын болуу мүмкүндүгүн сан түрүндө туюнтуу үчүн киргизилип, ал Ы-тун классикалык аныктамасынан келип чыгат. Кандайдыр бир окуяны (А) кайталанып болгон санынын (т) кайталанууга мүмкүн болуучу бардык санына (п) катышы Ы. деп аталат да, р(А)= т/п деп жазылат. Бул Ыктымалдуулуктун классикалык аныктамасы деп аталат. Мис., мамлекеттик утуш лотереясынын 10 млн облигациясынын бир тиражында бир ири утуш болуп, ал эми кандайдыр шаарга 500 миң облигация таркатылса, анда ал шаарда жашаган адамдардын ири утушту алуу Ыктымалдуулуу 500000/10000000=1/20 ге барабар. Кээ бир учурларда Ыктымалдуулутун сан маанисин аныктоо үчүн статистикалык метод ылайыктуу. Мис., эгер 100 жолу атканда 39 жолу бутага тийсе, анда анын бутага тийүү Ыктымалдуулуугу 39/100«4/10ке барабар. Классикалык же статистикалык метод менен аныкталган Ыктымалдуулу боюнча ыктымалдык теориясынын эрежелерине ылайык жаңы Ы. эсептелиниши мүмкүн. Мис., эгер бутаны атууда бутага тийүү Ыктымалдуулугу 4/14кө барабар болсо, анда 4 жолу атканда жок дегенде бир жолу тиет. Мында Ыктымалдуулу 1-(1-4/10)4»0,87ге барабар. Ыктымалдуулу илимдин ар түрдүү тармагында, техникада жана эл чарбасында кеңири колдонулат, к. Ыктымалдуулук теориясы.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4