Ыктымалдуулук теориясы

Википедия дан

Ыктымалдуулук теориясы - бир кокус окуянын ыктымалдуулугу боюнча кандайдыр бир түрдө аны менен байланышкан башка кокус окуянын ыктымалдыгын табууга мүмкүндүк түзүүчү математикалык илим.

Окуя түшүнүгү Ыктымалдуулук теориясында - алгачкы жана ажырагыс түшүнүк. Окуя деп ар кандай кубулуштарды түшүнсө болот. Мис., тыйынды бир жолу көкөлөтүп ыргытканда ал герб же цифра жагынан түшүшү мүмкүн. Бирок тыйындын кайсы тарабынан түшүшүнө кызыкпастан, ошол натыйжанын биринин болушуна же болбошуна кызыксак, анда ал окуя түшүнүгүн берет. Бардык окуялар шексиз (мис., тыйынды ыргытканда же герб, же цифра жагынан түшүшү), кокус (мис., тыйынды бир эле ыргытканда герб жагынан түшүшү) жана мүмкүн эмес (мис., бир айда 36 күн болот деп эсептелиши) окуя болуп бөлүнөт. Ыктымалдуулук теориясы чектүү теоремалар жана кокус процесстер теориялары менен тыгыз байланышта. Ыктымалдуулук теориясында кокус чоңдук, математикалык күтүү, дисперсия, корреляция, ыктымалдуулукка тыгыздыгы, пределдик теорема, Бернулли теоремасы, Лаплас теоремасы, бөлүштүрүү, нормалдуу бөлүштүрүү, Марков процесси, стационардуу кокус процесси ж. б. түшүнүктөр көп колдонулат, к. Математикалык статистика.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4