Ыманалы Барак Нурбай уулу

Википедия дан

Ыманалы Барак Нурбай уулу - калпа. Диний билим алган. Энеси Кастору датка.

Туура сөзү, чечендиги, чечкиндүүлүгү, адилеттүүлүгү менен эл арасына таанылган. Коргон-Төбө, Кайың-Суу, Шораалы сайларындагы иштетилбей жаткан жерлерге суу жеткирип, эл эгин айдаган. Наралы болуш Ыманалынын үстүнөн Наманган уездинин башчысына: “Ыманалы арык чыгарып, жер-суунун баарын бузуп, эч кимге баш ийбей жатат” - деген арызын текшерүү үчүн Ала-Бука аймагындагы таанымал Нуркул мурап Таши деген адамды комиссия башчысы кылып жөнөтөт. Натыйжада, тескерисинче Ыманалы арык чыгарып, тегирмен курдуруп, элди суу менен камсыз кылып жаткандыгын көрүшүп ыраазы болуп кетишет. Ак-Булактын үстүндөгү “Шайлоо журтка ” суу чыгаруу аракети оңунан чыкпаган Баястан корбашы, Ыманалыны да “Суу чыгара албаса нукка басам” деген шылтоо менен жок кылууну ойлойт. Бирок Жарты-Суу суусун тектирге чыгарып берген Ыманалыга тийише албайт. Ала - Буканын Сапалак-Сайындагы эки элдин ортосундагы чырды сөз менен эле калыс чечкендиги үчүн эл “Ыманалы калпа сөздү барактан өткөргөндөй эле элеп таштады го” - дейт. Ошондон улам “Ыманалы барак” аталган.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Чаткал району: Энциклопедия / авт.-түз. А.Орозов и др. - Б.: «Принт Экспресс» б., 2015. - 368 б., илл. ISBN 978-9967-27-851-6