Ыраңшоо
Ыраңшоо — "Манас" эпосунун эпизоддук кейипкери, кытай-калмак балбаны. Сагымбай Орозбаковдун варианты боюнча "Нескара менен Манастын урушу" аттуу окуяда Манас менен жекеге чыгып ажал табат:
Ыраңшоо балбаны
Ыргай найза алганы,
Ага каршы эр Манас
Аккула атын чуратты,
Бир урганда найзаны
Ыраңшоону кулатты.
Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]
- "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4