Ырк битиг

Википедия дан

Ырк битиг – 12 үзүндүдөн турган байыркы түрк руна жазуусу. А.Стейндин Чыгш Түркстанга жасаган 2-экспедициясында Гансу провинциясынын Дунхуандагы «Үңкүр китепканасынан» табылган. Эл арасында «Бал ачуу» (алдын ала айтуу) же «Насыят китепчеси» деп аталат. Анда түрк элинин насыят, макал, элдик ишенимдери чагылдырылган. Жазууда (105 сап) 65 насыят камтылган. Британия музейинде сакталууда. В. Томсен тарбынан чечмеленген. Бул котормо азыркыга чейин болжолдуу деп саналат.

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.