Ырсалиев Керез

Википедия дан

Ырсалиев Керез (1924–1980) - акын, котормочу. Түп районунун Долон айылында 1924-жылы 15-февралда туулган. Мектепти аяктагандан кийин Каракол шаарындагы пединститутка тапшырган. Эки жылдан кийин 1942-жылы согушка кеткен. 1945-жылы армиядан сержант наамы менен келген. Фронттук сыйлыктардын ээси. Фронттон келип, Талды-Суу айылындагы М.Элебаев атындагы орто мектепте орус тилчи математика мугалими болуп иштеген. 1947-жылы Ош облусуна иштөөгө жөнөтүлүп, Ноокат районунда алгач мугалим, андан кийин мектептин директору болуп иштеген. Кийин Нарынга көчүп келип, “Тянь-Шань правдасы” гезитинде бөлүм башчы болуп иштеген. 1953-жылы Фрунзе шаарына көчүп келип, “Кыргызстан пионери” гезитинде адабий кызматкер, андан кийин “Ысык-Көл правдасы” гезитинде кабарчы болгон.

Балдар үчүн прозаларды жазган. Бүгүнкү күнү В.Маяковскийдин “Мистерия Буф”, Кайсын Кулиевдин ырларын жана поэмаларын, М.Лермонтовдун “Демон” чыгармасын которгон.

К.Ырсалиев жөнүндө маалымат Кыргыз Совет энциклопедиясына киргизилген.

“Кенисгбергди алгандыгы үчүн” (1945), “Германияны жеңгендиги үчүн” (1945) медалдарынын ээси.


Жарык көргөн китептери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тилинде[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жалындуу пионер: Ырлар, поэмалар. – Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1957 ж.

Бүчүрлөр: Повесть жана аңгемелер. – Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1962. – 60 б.

Бүкөш апа: Өспүрүмдөр үчүн. – Ф.: Кыргызокуупедмамбас,1962.

Жоогазын: Кенже балдар үчүн – Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1963. – 40 б.

Жаңы жомок: Аңгемелер. – Ф.: Мектеп, 1965.

Сыйкырдуу чоор: Ырлар. – Ф.: Мектеп, 1967. – 48 б.

Чырпык: Аңгемелер: Тестиер балдар үчүн. – Ф.: Мектеп,1978. – 46 б.

Таарынчак күчүк: Аңгемелер/Бөбөктөр үчүн. – Ф.: Мектеп, 1981. – 14 б.

Көл толкуну: Ырлар, поэмалар. – Ф.: Кыргызстан, 1982. – 72 б.

Алтын ачкыч: Жомоктор/Бөбөктөр үчүн. – Ф.: Мектеп, 1985. – 16 б.

Эмгектин күчү. – Ф.: Кыргызстан,1987. – 51 б.


Котормолору[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Маяковский В. Күбө болом. – Ф.: Кырмамбас,1960. – 157 б.

Твардовский А. Мейкинден мейкинге. – Ф.: Кырмамбас, 1962. – 187 б.

Лермонтов М. Лирика. – Ф.: Мектеп, 1964. – 96 б.

Межелайтис Э. Адам. – Ф.: Кыргызстан, 1966 – 12 б.

Маяковский В. Владимир Ильич Ленин. – Ф.: Мектеп, 1970. – 123 б.

Гете И. Фауст – 1 часть. – Ф.: Кыргызстан, 1970. – 176 б.

Блок А. Ырлар жана поэма. – Ф.: Кыргызстан, 1974. – 140 б.

Маяковский В. Жакшы. – Ф.: Мектеп, 1979. – 88 б.

Гомер. Илиада. – Ф.: Адабият, 1988. – 492 б.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]