Ырысбек Жабиров

Википедия дан
Ырысбек Жабиров
Туулган датасы:

11 -октябрь 1973(1973-10-11) (50 жаш)

Туулган жери:

Октябрь айылы, Сузак району, Жалал-Абад облусу, СССР (Кыргызстан)

Жарандыгы:

СССР желеги СССР Кыргызстан

Кесиби:

режиссёр, продюсер, сценарист

Ырысбек Жабиров - 1973-жылы 11 октябрда Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районундагы Октябрь айылында туулган.Ырысбек Жабиров режиссёр катары “Кайып булак”, "Достор", "Талак", "Мезгил дарылайт", "Түндүктүк келин" тасмаларын тарткан.

Өмүр баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Билими[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1990-жылы А.С.Макаренко атындагы орто мектепти аяктаган.Мектепти аяктаган соң Орусиянын Красноярск шаарындагы Сибирь техникалык институтуна тапшырып, кийин Жалал-Абад техникалык институтунда «Экономика жана Мунипициалдык башкаруу» адистиги боюнча окуган.


Эмгек жолу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Эмгек жолун совхоздогу торпок фермасында иштеп баштаган. Андан кийин 1993-жылдан баштап Жалал-Абад облусттук Барпы атындагы драма театрында артист, труппа башчысы, режиссердун жардамчысы, башкы администратор, кийин алты жыл облусттук Т.Тыныбеков атындагы филармонияда директордун орун басары, облусттук телерадиокомпаниясында директордун орун басары кызматтарында эмгектенген. 1999-2001-жылдары Жалалабад шаарындагы «Вечерний Жалал-Абад» гезитинин алгачкы редактору болуп, «Парз» гезитин чыгарган. 2001-2002-жылдары облустук филармониянын алдында «Тамаша» куудулдар театрын жана «Азадабегим» фольклордук тобун түзгөн.

2003-жылы Бишкек шаарына келип республикабыздагы алгачкы продюссердик борборун ачкан.

«Ар бир айдын алтысы» долбоорунун автору, 5-март «Ак калпак» күнүнүн негиздөөчүсү жана улуттук «Кыргыз бийи» долбоорун ишке ашырган.

Тарткан тасмалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кайып Булак»;
  • «Достор»;
  • «Талак»;
  • «Мезгил даарылайт»;
  • «Түндүктүк келин».
  • «Учкуч».
  • «Мал доктур».
  • «Квартирант».
  • «Журналист».
  • «Таза шайлоо».

Көптөгөн кино сценарийлердин автору болуу менен бирге, лирикалык ырларды жазып, проза тармагында эмгектенип, алгачкы китеп жыйнагын чыгаруу алдында турат.

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Ааламга кеткен жол айылдан башталат: Багыш айыл аймагы. – Бишкек, 2015. ISBN 978-9967-04-673-3