Мазмунга өтүү

Ысмайыл Кадаре

Википедия дан
Ысмайыл Кадаре
‎Ismail Kadare
Туулган датасы:

28 -январь 1936(1936-01-28)

Туулган жери:

Ергири, Албания Падышачылыгы

Өлгөн датасы:

1 -июль 2024(2024-07-01) (88 жаш)

Өлгөн жери:

Тирана, Албания

Кол тамгасы:

Кол тамгасы

Ысмайыл Кадареалбан жазуучусу, акын, сценарист жана драматург болгон.

Ал эл аралык деңгээлдеги көрүнүктүү адабиятчы жана интеллектуал катары белгилүү болгон. Акындыкка басым жасап жүрүп, биринчи романы «Өлгөн армиянын генералы» (Gjenerali i ushtrisë së vdekur) жарыяланган соң дүйнөгө таанымал болгон[1][2].

Анын «Түштөр Сарайы» (Pallati i ëndrrave) романы жарыялангандан кийин, окурмандар анда тоталитаризмди сынга алуу менен ошол кездеги Албания өкмөтүнүн сынга алынышын салыштырган башташты. Албания Жазуучулар Союзунун жыйынында, Союздун президенти Кадарени өзүнүн чыгармаларында тарых жана элдик адабият аркылуу саясаттан качып жатат деп айыптап, «Түштөр Сарайы» романы Политбюронун бир нече мүчөлөрүнүн катышуусунда катуу сынга алынган[3]. Кадареге өкмөттү жашыруун сынга алды деп айып тагылып, роман бийлик тарабынан антикоммунисттик чыгарма жана саясий системаны шылдыңдоо катары бааланган[4][5][3]. Чыгарма тыюу салынган, бирок ага чейин 20,000 нускасы сатылып кеткен[6][3]. Бийлик Кадарени камоого же чыгармачылык чөйрөдөн тазалоого дароо даяр болгон эмес, анткени ал эл аралык деңгээлде таанылган адабий инсанга айланган эле, жана бул эл аралык резонанс жаратып, өлкөнүн экономикасы начарлап бараткан шартта, өкмөт үчүн каалаган жыйынтыкка алып келмек эмес[7]. Батыш басма сөзү «Түштөр Сарайы» сынга алынганына реакция жасап, Батыш тарапта анын коргоосуна нааразылыктар күчөгөн[8]. Бул чыгарманын арасынан ал өзгөчө ушул чыгарма менен сыймыктанган[9].

Ал алгачкы «Буукер эл аралык сыйлыгы» ыйгарылды[10].

  1. Apolloni, Ag (2012). Paradigma e proteut ("Gjenerali i ushtrisë së vdekur"): monografi. Prishtinë: OM. ISBN 978-9951-632-04-1.
  2. 김, 광일. 세계의 작가들 연쇄인터뷰… ‘문학의 긴급의제’점검<3> 이스마일 카다레 “저항의 열정이 내 작품 이끌어 (ko) (18.09.2000). Текшерилген күнү 4 -ноябрь (жетинин айы) 2024.
  3. 3.0 3.1 3.2 JulianEvans Living with ghosts (16 September 2005).
  4. Sinani, Shaban (2011). Letërsia në totalitarizëm dhe "Dossier K". Naim Frashëri. p. 100. 
  5. JoachimRöhm Nachwort zum 'Palast der Träume'.
  6. Kadare, Helena (2011). Kohë e pamjaftueshme. Tirana: Onufri. ISBN 978-99956-87-51-9. 
  7. Elsie, Robert (2005). Albanian Literature: A Short History. I.B.Taurus. p. 180. ISBN 1-84511-031-5. 
  8. Fayé, Éric (1993). Kadaré, Ismail, ed. œuvres completes: tome 1. Editions Fayard. pp. 10–25. 
  9. LukeSampson Small Talk: Ismail Kadare (29 April 2010).
  10. Жекше кызы, Айнура. Буукер эл аралык сыйлыгы албаниялык жазуучуга ыйгарылды, Азаттык үналгысы (27.06.2005).