Ыспара
Ыспара, Испара — "Манас" эпосундагы топоним. Манастын кыз Сайкал менен беттешкенин сүрөттөгөн эпизоддо "Окчу кыргыз уругу, Ыспаранын уругу (Сагымбай Орозбаков, 2. 51) — деп эскерилет. Ал эми Саякбай Каралаевдин варианты вариантында Алооке кандын Манастан коркуп качышы деген эпизоддо мындай берилген:
Атамдан калган жер экен,
Намысты кыргыз санайбы,
Ынтызар болдум алууга
Ыспара менен Алайды
(Саякбай Каралаев, 1. 137).
Географиялык реалияда Ы. — Баткен районуна чектеш Тажикстандагы шаар жана өзөн.
Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]
- "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4