Мазмунга өтүү

Ысык-Көл облусттук музыкалык драма театры

Википедия дан

Ысык-Көл облусттук музыкалык драма театры К. Жантөшев атындагы 1932-ж. Байсоорун айлында колхоз-совхоз театры уюшулган.

1940-ж. Ысык-Көл колхоз-совхоз театры менен Каракол драма театры бириктирилип, Каракол шаарында ачылган. 1940-жылдардын аягында анын курамына Нарын обл. драма театры кошулган. 1962-жылдын аягында театр жабылып, 1983жылдын 3-ноябрында кайрадан ачылган. 1985-ж. 17-февралда театрга К. Жантөшевдин ысмы ыйгарылган. Имараты 1972-ж. курулган. 2001-ж. 12-ноябрда музыкалуу драма театр деген статусу ыйгарылып, К. Жантөшев атындагы Ысык-Көл обл. музыкалуу драма театры аталган. Театрда 2002-ж. «Азем» фольклордук тобу түзүлгөн. Театрдын труппасы A. В. Луначарский атындагы мамлекеттик театр институтунун бүтүрүүчүлөрүнөн туруп, алгачкы сезон М. Горькийдин «Эл арасында», У. Шекспирдин «Ромео менен Жульетта», П. Бомаршенин «Тополондуу күн же Фигаронун үйлөнүшү» спектаклдери менен ачылган. Театрдын репертуары негизинен кыргыз, орус жана чет элдик авторлордун пьесаларынан турат. Н. В. Гоголдун «Үйлөнүү», М. Горькийдин «Көрүнгөндун колунда», В. Кондратьевдин «Жараатына байланыштуу өргүү», К. Симоновдун «Орус адамы» ж. б. Кыргыз драматургиясынан «Кайгылуу Какей» (М. Токобаев), «Дардаш», «Өч», «Ким кантти» (К. Жантөшев), «Жаңыл» (К. Маликов, А. Куттубаев), «Каргаша» (Ж. Бөкөнбаев), «Сейтек» (К. Маликов), «Манас менен Алмамбет» (Т. Сыдыкбеков), «Борбаш», «Сүйүү жана достук» (Т. Абдумомунов), «Кыямат» (Ч. Айтматов), «Алыкулга гүлдесте» (М. Сейталиев), «Сынган мазар» (3. Сооронбаева), «Терең кечүү» (Ж. Садыков), «Темир корук» (М. Гапаров), «Мен сүйгөн обон» (Б. Калчабаева) ж. б. пьесалар коюлган. 1989-ж. Орто Азия жана Казакстан респ-ларынын «Нооруз-89» фестивалына катышкан. Театрдын алдындаТ. Сатылганов атындагы мектеп-интернаттын окуучуларынан түзүлгөн жаш көрүүчүлөр театры уюшулган.

1993-ж. театр M. С. Щепкин атындагы Москва театр институтунун бүтүрүүчүлөрү менен толукталган. Театрда А. Көбөгөнов, X. Сасыкеев, К. Бектенов, А. Жанкорозова, С. Андабеков, К. Досмамбетова, Д. Сариев ж. 6. көрүнүктүү артисттер, ошондой эле реж. Ж. Абдыкадыров, Э. Токтогулов ж. б. эмгектенген. Учурда театрда 171 адам эмгектенет. Алар: КРдин эл артисттери: Д. Сариев, Т. Сатаров, А. Шатенов; КРдин эмгеги сиңирген артисттери: Ш. Дүйшөнкулов, Ш. Супатаева, К. Акматова, Г. Нургазиева, О. Кожомкулова жана А. Усубалиева, Б. Намазов, Г. Осмонова, Т. Боронбаев, С. Абдыкадырова, Э. Желдеңбаев, Ш. Жоомартова, К. Андашев, Ж. Саитова, Ж. Орозобаева, А. Сопуева, Ч. Саитова, Р. Касымов, Т. Жапаров, Н. Акматов, Э. Мамбеталиев, Ш. Токтогулов, Ж. Шерманбетова, Н. Жаналиева, М. Зарлыков, А. Эркинбекова, Э. Казакбаев ж. б. артисттер эмгектенишет. Татарстан, Алтай, Башкортостан, Москва, Түркмөнстан, Казакстан, Өзбекстан ж. б. чет өлкөлөрдө гастролдо болгон. Башкы режиссёру 1983-87-ж. Б. Ибраев; 198792-ж. М. Назаралиев; 1992-94-ж. башкы режиссёрдун орду көркөм жетекчи болуп өзгөрүп, ал орунда А. Абдыкалыков; 1994-2003-ж. С. Сатаров эмгектенген, 2007-жылдан театрдын көркөм жетекчиси - О. Кожомкулова, 2010-жылдан директору - К. Абдрахманов.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4