Ысык-Көл (топоним)

Википедия дан

Ысык-Көл (топоним) - Эпосто кыргыздардын байыртадан мекендеген жерлеринин бири катары көп эскерилет.

Манасата журтун баскынчы жоодон бошотмок болуп Алтайдан аттанып чыгып, Кошойго жолукканы келе жатып Ысык-көлгө туш келип, суктанат: “Береке экен, бел экен, Бенде көрчү жер экен, Жердегенде адамды Кан кылуучу жер экен. Жээк-жерге баарысы Бай кылуучу жер экен, Ортосу көпкөк көл экен, Суусунда миңдей төр экен Жердеген адам бай болчу, Көлүндө ырыс бар экен. Боз мойнокчо, дөбөчө, Түшүп Манас жер чукуйт, Касиеттүү жер экен, Эки эли жерин оодарса Түгөнгүс алтын бар экен. Жаныбарым Ысык-Көл Жер соорусу турбайбы! Мындай кызык жер болбос, Мындай кызык көл болбос, Будур-будур бел экен, Будурмак аттуу жер экен, Будурдан бугу куюлуп, Жаткан экен жаныбар Будурдун чөбү суюлуп, Ар коктудан жаркырап, Миңден булак куюлуп, Өйүз-бүйүз жери тар Ортосунда жайнаган Сонун көпкөк көлү бар”.

Географиялык реалияда көл жана жер катары республиканын түндүк-чыгышында жайгашкан. Күңгөй жана Тескей Ала-Тоолору менен курчалган кеңдик багыттагы кенен ойдуңдун таманын ээлеп жатат. Көлдүн азыркы аты байыркы түрк тилиндеги ысык//ызык сөзүнө байланыштырылып, ал ыйык, керемет, азиз, курман, фетиш деген маанини берет

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71-72. ISBN 9967-14-006-2