Ысырык

Википедия дан
Ысырык.

Ысырык, бөрү карагат (Барбарис обыкновенный), (лат. Berberis vulgaris, L. 1753) - бөрү карагаттар тукумундагы дайыма жашыл же жалбырагы күбүлмө, тикенектүү көп жылдык өсүмдүк.

Гүлү сары, майда. Тоо гүлү - чачы. Мөмөсү - жемиш, кызыл же кара. Бийиктиги 2-3 м. Too этектеринде, шар аккан сайлуу өрөөндө өсөт. Баалуу дары өсүмдүк. Дарылыкка тамыры, мөмөсү колдонулат. Дарылыгы: канды тазалайт. Өттөгү ташты талкалап, түшүрөт.

Ашказандын кычкылтегинин азайып кеткенин калыбына келтирет, суук тийген жатындын трубаларын, өтүшүп кеткен сарык оорусун дарылайт. Даярдалышы: бышкан мөмөсү чогултулуп, көлөкө жерге кургатылат. 200 г кайнак сууга бир аш кашык салып бир мүнөт кайнатып, бардык ооруларга ичсе болот. Тамырынын 25 гмы 3 л сууга салып 5-10 мүнөт кайнатып, 5-7 күн 3 маал ичсе боор, жүрөк оорулары, кан басымы калыбына келип, аш казан кычкылтегин көбөйтөт.

Эскертүү: Эгерде, өт, ашказанда кычкылтек көп болсо ичүүгө болбойт. Дарылануу врач же табыптын көзөмөлү менен болушу керек

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Суусамыр: Энциклопедия /Башкы ред. Ү. Асанов. - Б.: Энцик. борбору, 2010. - 312 б., илл. ISBN 978-9967-14-076-9