Бөрү карагат

Википедия дан
Ысырык (Berberis vulgaris).

Бөрү карагат (лат. Berberis, L. 1753) — жапайы бадал өсүмдүк. СССРдин Европа бөлүгүндө, Крым, Кавказ, Орто Азияда кеңири таралган. Көбүнчө тамыры, жалбырагы, мөмөсү дарылык касиетке ээ. Мөмөсү органикалык кислоталарга — лимон, алма кислоталарына, Е, С, К витаминдерге бай. Бышып жетилбеген мөмөсүндө, жалбырагында, тамырында алколоиддер бар. Мөмөсү сергитүүчү, сеп алдыруучу, тердетүүчү, заара чыгаруучу дары катары пайдаланылат. Гүлдөп бүтөрү менен жыйналган жалбырагы көлөкө жерге же үй чатырына кургатылат. Кургатылган жалбырактын тундурмасы боор, бөйрөк ооруларында, өзгөчө өттүн таш оорусунда кеңири колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8