Ыштык

Википедия дан

Шири идиштерди (сабаа, көнөк, көөкөр, көнөчөк, чанач ж.б. ) жана терини ыштоочу жай. Жардын кырына, дөң жерге же кашатка туурасынан узундугу 3— 4 метрдей ийри-муйру кобул оюлуп, анын үстүнөн тереңдиги 2,5—3 метр диаметри 155 сантиметрдей тегерек чуңкур казылат. Чуңкурдун ичине ала бакандар орнотулуп, ага ышталуучу идиштер же тери илинет. Чуңкурдун кырларына (четине) шыргыйлар сайылып, анын баштары алачык сымал байланат да, үстүнөн кызыл куурай сары саман, карагайдын тобурчагы, ак чий төө таман жана башка өсүмдүктөр жыш жабылат. Ыштык отун алоолонуп күйүп кетпей быкшып түтөп, ыш чыгарып турушу үчүн сууга чыланат.

Маалыматтын булагы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Акматалиев Амантур Сейтаалы уулу. Кыргыздын кол өнөрчүлүгү. Бишкек 1996: ISBN — 5-655-00960-9(жеткиликсиз шилтеме)