Ь

Википедия дан

Ь - жумшартуу белгиси; кыргыз алфавитиндеги отуз үчүнчү тамга. Өз алдынча тыбышты туюндурбайт.

Кириллицанын «ь» («еръ») тамгасынан келип чыккан. Славян тилдеринде (а. и. орус тилинде) алдынкы катардагы редукцияланган үндүү тыбышты билдирет. Кыргыздын төл сөздөрүндө колдонулбайт. Башка тилдерден кирге* сөздөрдө коюлуп, үнсүз тыбыштарды жумшартып окуу үчүн жазылат. Жумшартуу белгиси менен аяктаган сөзгө мүчө уланганда кыргыз орфографиясында ал (ь) түшүрүлүп жазылат (мис., Астрахань+га=Астраханга, лагерь+ге= =лагерге, медаль+га=медалга, апрель+ден=апрелден ж. б.).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4