Эвендер
Эвендер (эскиче аталышы — ламутар, өздөрүн "эвэн" деп аташат) — эвенктерге жакын Сибирдеги тунгус-манжур эли. Көпчүлүгү Орусиянын Ыраакы Чыгыштын түндүгүндө (Якутия, Камчатка, Чукотка) жашашат.
Жалпы саны 20 миң адам (2021ж.).
Эвен, якут, орус тилдеринде сүйлөшөт.
Шаманизмди (жаратылыштын "кожоюндардын", оттун, аюнун культтары) жана православиени тутушат.
Эвендер эвенктерден тараган. 10-13 кылымдарда якуттар аларды түндүк-чыгыш тарапка сүрүп чыгарышкан.
Чукчалар, коряктар жана юкагирлер менен кошуна болуу эвен маданиятына таасир эткен.
Көчмөн бугучулук менен алектенишет. Ошондой эле аңчылык (тюлендер, териси баалуу жаныбарлар) жана балык уулоо (көлдө жана дарыяларда) өнүккөн.
Кол өнөрчүлүктөн сөөк оюу, жыгач жана тери иштетүү, темир устачылык өнүккөн.
Мурда алар тери менен капталган конус сымал алачыктарда жашашкан.
Чана (нарт) тарткан бугулар менен иттер транспорт каражаты катары колдонулган.
Патрилинейлик бөлүнүү сакталууда. Мергенчилик олжосун бөлүштүрүү салты (нимат) практикаланат.
Фольклорго жомоктор (нимкар), турмуш-тиричилик окуялары (тэлэуэл), тарыхый окуялар, баатырдык эпос (нимкан) кирет. Вокалдык музыка: лирикалык импровизация, үй-бүлөлүк ырлар, шамандык ырдоолор (ньяйа), жаныбарлардын үндөрүн тууроо.