Мазмунга өтүү

Сибо (эл)

Википедия дан

Сибо (сибэ) — Кытайдагы тунгус-манжур эли. Кытайдын түндүк-чыгышында Ляонин жана Гирин провинцияларында жашайт. Синьцзянда жашаган сибо топтору (60 миң адам) улуттук өзгөчөлүгүн (тил, маданият) сактап калышты. Сибо теги жана маданияты боюнча манжурларга жакын.
Жалпы саны 190,5 миң адам (2010ж.).

Сибо

Сибо аскердик отурукташуучулары. Сүрөтчү Генри Лансделл, 1882ж.
Мамлекеттер жана аймактар

Бардыгы: 190,5 миң (2010ж.)
 Кытай

Тили

манжур (сибо диалектиси)
кытай

Дини

шаманизм
буддизм

Кирет

тунгус-манжур элдери

Тууган элдер

манжурлар

Манжур тилинин сибо диалектинде сүйлөшөт. Манжур жазуусун колдонушат.
Ишенгендер шаманистер жана буддистер.
Дыйканчылык, малчылык жана балыкчылык менен алектенишет.
Синьцзянда сибо эли Иле-Казак автоном районуна караштуу Чапчал-Сибо автоном уездинде жашайт. Уезд Иле дарыясынын түштүк жээгинде, Кулжанын түштүгүндө, Казакстандын Алматы облусу менен чек арада жайгашкан. Чахарларды тынчтандыруу жана Цин империясынын чек араларын бекемдөө үчүн 1764-жылы сибо элинин бир бөлүгүн Манжуриядан Иле аймагына көчүрүлгөн. Ал жерде салыштырмалуу изоляцияда, алар манжурлардын өзүлөрүнө караганда өз тилин жакшы сактай алышты.
Учурда уездде сибо тилинде айына бир нече жолу телеберүүлөр жүрүп жатат. Жумасына эки жолу чыккан «Чапчал серкин» («Чапчал жаңылыктары») гезити — сибо жана жалпысынан манжур тилиндеги дүйнөдөгү жалгыз гезит.