Эвритермдик организмдер

Википедия дан

Эвритермдик организмдер (эври... жана therme - жылуулук) - чөйрө температурасынын өтө кескин өзгөрүүсүндө жашоого жөндөмдүү организмдер.

Алар географиялык жактан кеңири таралып, мезгилдүү жана суткалык температура кескин өзгөргөн аймактарда да жашайт. Мындай ыңгайлануу жөндөмдүүлүк толеранттуулук принцибине же жылуулукту жөнгө салуучу активдүү физиологиялык механизмге негизделген. Көпчүлүк курт-кумурскаларда (дарактын сөңгөгүндө жашаган) клетка протоплазмасында, көңдөй суюктугунда сууда эрүүчү заттардын концент. көбөйүп, алардын дене суюктугунун тоңуусу төмөндөйт. Ткандарда суунун азайышы организмдин төмөнкү жана жогорку температурага чыдамдуулугун арттырат. Кургаган урук, спора жана цисталар узак убакыт экстрем. температурага чыдайт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4