Эдиге балбан

Википедия дан

Эдиге балбан - 1870-жылы азыркы Сузак районундагы Тамга-Терек деген айылда туулган.

Өмүр баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Атасы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Атасы Кудаяр Көк-Арт өрөөнүнө аты чыккан жыгач уста болгон. Боз үйдүн кереге-ууктарын, турмуш тиричиликке керектүү болгон жыгачтан жасалган идиш-Аяктарын, алыстан ат арытып келишип, алып кетишчү. Кудаярдын кемпири бакан менен суу көтөрүп келе жатканда, алдынан жолборс чыгып, арбашкан деген аңыз кеп бар. Кудаяр өзү жүздөн ашып жашап, 102 ге чыкканда 2 тиш чыккан дейт, Эдигенин Бапы деген кызы.

Кудаярдын Эдигеден башка да Абдрахман, Абдразак, Сапарали, Мурзали анан, Айым деген кызы болгон.

Балбандык атагы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Эдиге балбан өз заманында атпай журтка таанымал эр киши болгон.

  • Тогуз-Тородон кышында ашуу ашып келе жатканда, карышкырдын үйүрүнө туш келип, үзөңгү боосу менен 4 карышкырды чаап өлтүргөн.
  • Дагы бир жолу Көк-Арттын дабанында келе жатып, жол тоскон каракчыларга учурап калып, 3 жылдык ак чечекти тамыры менен жулуп алып, каракчыларды кубалап сабап, чилдей тараткан.

Эдигени баатыр дешкен, себеби ал киши көбүнчө эр сайышка түшчүү экен.

  • Айтылуу Шабдан баатырдын ашында, Чон-Кеминге барып эр сайышка түшүп, фарфордон жасалган идиш-аяк утуп келген.
  • Тогуз-Тородо атактуу бир манаптын ашындагы эр сайышта жеңип, төө баштаган бир тогуз мал утуп алган. Ошондо өзүнүн да эки кабыргасы сынган экен.
  • Кадимки Жаныбек казы атасы Сагынбайга аш бергенде, Чон-Алайдан келген атактуу балбанды сайып, жеңишке ээ болгон.

Санаалаштары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жоон-Күңгөйдөн Айдарбек, Кара-Дарыядан Кочкор балбандар менен, Көк-Арт өрөөнүндөгү ыктыярдуу отряддын командири Андрей Попов менен жакын ымалалаш достордон болуп, убагында Анжиян көтөрүлүшүндө ак жеринен Сибирге айдалып кеткен Чыйбыл болуштун ишенимдүү адамдарынан болгон.

Совет өкмөтү орноп, Эдигени эзүүчү таптын катарына кошуп, камап жок кылабыз дегенде, досу Андрей Попов сактап калган. Бирок, кийин баары бир камалып, 1937-жылы Оштогу түрмөдө атылып кеткен.

Үй-бүлөсү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Эдигенин үч аялы болуп, алардан Акмат, Дыйкан, Ысабек, Мама, Чону, Шүкүрали, Алим жана Бапы, Жамбы, Сырга деген 7 уул, 3 кызы болгон. Алардан тарагандар ар кандай тармактарда үзүрлүү эмгектенип келатышат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ааламга кеткен жол айылдан башталат: Багыш айыл аймагы. – Бишкек, 2015. ISBN 978-9967-04-673-3