Эйлантан шаар чалдыбары

Википедия дан

Эйлатан шаар чалдыбары - биздин заманга чейин 7-4 кылымдарга таандык шаардын калдыгы. Нарын менен Карадарыянын ортосунда жайгашкан. Эйлатан шаар чалдыбарынын атынан биздин заманга чейин 7-4 кылымдарга таандык. Археологиялык маданият ”Эйлатан маданияты” деп аталат. Өзгөчөлөнгөн керамика комплекси табылган. Андагы карапа идиштери керамикадан жасалып, кызыл боек менен боелгон. Эйлатан маданиятына мүнөздүү эстеликтер Фергана өрөөнүнүн бардык жерлеринде кездешет. Көрүстөндөрдөн чопо идиштер, билерик, шуру, мончок, шакек, төөнөгүч, бычак, скиф тибиндеги жаа огунун колодон жасалган учтары табылган.