Эйхе Генрих Христофорович

Википедия дан

Эйхе Генрих Христофорович (29. 9. 1893, Россия империясы, Лифлянд губерниясы, Рига ш. - 25. 6. 1968, Латвия, Юрмала ш.) - советтик аскер ишмери, тарыхчы.

Рига коммерция окуу-жайын (1914), Петергофдогу прапорщик мектебин бүгүргөн (1915). 1-дүйнөлүк согуштун (1914-18) катышуучусу. Февраль революциясынан (1917) кийин полктогу Аскердик-революциялык к-ттин мүчөлүгүнө, Октябрь революциясы учурунда Аскердик революциялык к-ттин төрагалыгына, 10-армиянын солдаттар советинин депутаттыгына шайланган. 1918-ж. өз ыктыяры менен Кызыл армиянын катарына өткөн. Чыгыш фронтунда полктун, 26-аткычтар дивизиясынын командири (1918-19), 5-армиянын командачысы (1919-20), Ыраакы Чыгыш респ-сынын элдик-революциялык армиясынын башкы командачысы (1920-21), Белоруссиядагы ак партизандарга каршы күрөшкө катышкан (1921-22), Ферганадагы аскер бөлүктөрүнүн командачысы (1922-23). 1924-жылдан тышкы соода боюнча эл комиссариатында жооптуу кызматтарда иштеп жүрүп, 1938-ж. репрессияга дуушар болгон. Акталып чыккандан кийин (1954) тарыхый мемуарлардын үстүндө иштеген. Ленин, 2 Кызыл Жылдыз ордени менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4