Экисуу арасы жүрүшү
Экисуу арасы жүрүшү – 1873–76-жылдардагы элдик кыймылды орус колонизаторлору тарабынан басуу мезгилиндеги эң кыргындуу жүрүштөрдүн бири. Нарын менен Карадарыя аралыгындагы Экисуу арасы деп аталган чөлкөмдө болуп өткөн. Жүрүштүн негизги максаты – «тынчы жок көчмөндөрдү кыштоолордо олтурганда тыптыйпыл талкалоо» болуучу. Кышкүрөөдө аткөлүк арып турган чакта көчмөндөр кыштоолорун, мал-мүлкүн таштап, тоолорго качып кетүүсү мүмкүн эмес эле. М. Д. Скобелевдин планы боюнча экспедиция 1875-жылдын 25-декабрынан 1876-жылдын 3-январына чейин аталган чөлкөмдөгү айыл-кыштактарды тыптыйпыл кылып олтуруп, Өзгөнгө чыгууга жана андан кийин Анжиян шаарын талкалоого тийиш болучу. Жүрүшкө катышкан орус аскерлеринин саны 2821 кишини түзгөн. Аёосуз кырып-жоюу, өрттөө жана талап-тоноо менен коштолгон бул жүрүш ашынган ырайымсыздыгы менен белгилүү. Экспедициянын катышуучусу Н. Куропаткин бул жүрүштү күндөлүгүндө мындай деп эскерет: «…биздин алдыбызда жолуккан айыл-кыштактардын баары өрттөлүүгө буйрук берилип, артыбыздан буралган түтүн гана калып олтурду. М. Д. Скобелев артын карап, жалпы көрүнүшкө ыраазы болуп жатты. …жем-чөп алабыз деген шылтоо менен солдаттар колго тийген нерсенин баарын – төшөк-төрдү, килемдерди, алакийиздерди, малды, аттарды, китептерди, жарактуу шаймандарды алып жатышты… Бир кенже офицер жана жоон топ солдат аялдарды зордуктап, балдарын мууздап жаткан жеринен кармалды…». М. Д. Скобелев өзүнүн кылган зулумдук иштери жөнүндө басма сөзгө жарыялабоону суранып, Марьин аттуу журналистке жазган катында: «…менин принцибим мындай: Азиядагы бейкутчулук ал жерде кырылган элдин кесилген башынын санына түздөн-түз байланыштуу. Сокку канчалык катуу болсо, душман ошончолук тынч болот…», – деп жазган. Мындай фактылар Түркстандын тургундарына карата жасалган пландуу геноциддик саясатты айгинелейт.
Кокондогу 1918-жылкы кышкы кыргындан кийинки Эки Суу арасындагы саясий абал
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Көр Шермат «Амир ал-муслимин» наамын алып, Фергана убактылуу өкмөтүнүн жетекчиси болуп шайлангандан кийин, Эки Суу арасынан Майлуу Суу өрөөнүнөн Совет бийлигине каршылардын саны өскөн. «Кызырабадтан Аман паңсат, Жыңалачтан Турдаалы, Акылабаттан Сабыр паңсат, Пайтыктан Исраил корбашы, Катта Талдыктан Казак корбашы, Логумбектен Көлбай корбашылар пайда болгон.[1] Кеңеш өкмөтүнө чейин бул аймактардын 60% Анжиан уездинин Майлуу-Избаскан волостнойуна карап турган. Басмачы кыймылында бул өрөөндөн чыккан лидерлердин көптүгүнөн, Совет бийлигинин Кызылдардын катарына өтүүчүлөр өтө аз болгон. Ошол учурда Орус падышалыгына кызмат өтөп, Кеңеш Өкмөтү тарапка өтө албаган, саясий багытын өзгөртө албаган, Эки Суу арасындагы старчын, болуштар оор абалга кабылган. Бир тарабынан кызылдарга өткөн элдерден, экинчи жагынан актардын, көтөрүлүшчүлөрдүн, басмачылардын кысмагына алынышкан. Алардын көрүнүктүүлөрү жалган жалаа менен «Семетей болуш куугунтукта өлөт, Самидин болушту Дөө-Мазарда жашынып жаткан жеринен Кызыл отряд атып салган. Паяз болушту Чиртек Сайдын боюнда басмачылар атып кетишкен».[2] Кошой болуш камалып, Ош абагынан кайтпаган.[3] Ал эми Тагай, Айталы, Сейталы Базарбаевдердин, Айталы Бөлөкбаевдин ГПУ, ОГПУга кирүүсү Ф. П. Масловго ал эми Осмонкул уулу Дооронкулдун НКВДга киришине комиссар Х. Булатовго ошол учурдагы Түндүк согушунун жетекчилеринин бири Таш Кудайбергеновдун сунушунун негизинде болгон. Таш Кудайбергенов жедигер уруусунун орус (ороз) уругунан, Базарбаевдер менен бир уруу, бир уруктан, аталары бир болгон. Алардын сунушу менен ыктыярдуу отрядын катарына Муса Нарынбаев, кирген. Кийинчерек ыктыярдуу отрядды жетектеген. [4] «Ташмухаммед Кудайбергенов 1916-жылкы ынклаптын жигердүү катышуучусу. 1917-жылы «Букара» союзунун уюштуруучуларынын бири болгон. 1920-жылы Түндүк согуштун (Талды Курган шаары) төртүнчү дивизиянын революциячыл трибуналынын төр агасы болгон. Кронштад контрреволюциячыл трибуналынын төрагасы болгон. Кронштад контрреволюциячыл козголорңун басууга катышып, М.Н. Тухачевскийдин буйругунун негизинде «Кызыл Туу» ордени менен сыйланган. 1924-жылы Ферганан облаткомунун төрагасы болгон».[5] Ошол учурда, Совет бийлиги басмачыларга болгон согуштун тактикасын улам өзгөртүшүп, М. В. Фрунзе Ферганадагы жалпы элге, мусулмандарга жергиликтүү тилдерде жазып кайрылган. Жолдош мусулмандар! – канга бөлөнгөн Фергана айыл, кыштактарына Совет бийлиги кайрылабыз. Силер бир адамдай Совет бийлигине басмачыларды жок кылууга жардамга келишиңер керек. Совет бийлигинин Кызыл Туусу алдында бир үй бүлөөдөй биригели деген, чакырыктар таркатылган. М. В. Фрунзе Түрк согушунун политбашкармалыгынан Ферганага (агитпоезд) үгүтпезди чыкырган. Курстар өткөзүлүп, Совет бийлигинин оюн ишке ашыруучу түшүндүрүү иштерин жүргүзүүчү демилге топторду даярдашкан. Акын жазуучу ырчылар үгүт жүргүзүшкөн.[6] Ошентип алгач, акгвардиячылардын орус падышалыгынын куугунтугун көргөн жедигер эли, жадиддер менен биригип Совет бийлиги тарапка өткөн. Ал эми орус падышалыгынын бийлиги менен тил табышып жашап келген негизинен кыпчак эли, акгвардиячылар менен биригип, Совет бийлигине каршы турган абал түзүлгөн. Басмачылар менен согушуп тажрыйба алып калган М. В. Фрунзе 1920-жылы 25-майда Алай багытында согуш ачып бир канча ийгиликтерге жетишкен. 1920-жылы июлда Көр Шермат Алай тоолорунан түшүп, Кокон-Фергана жана Анжиан-Наманган темир жолдорун кесүүгө бузууга аракет жасаган. Кызыл Армия тараптан төрт иири операция жасалып, мында жергиликтүү эл катышып, Жаңы чек, Булак Башы, Шарихан-Заркент, Миң-булактарда күтүлбөгөн жерден басмачылар запкы жешкен. Басмачылардын аман калгандары Балыкчыга (Чинабад) качышкан. Корбашы Кал кожо жана Ахунжан өлтүрүлгөн.[7] «Турк Борбордук Аткаруу Комитетинин (ТуркЦИК) жетекчиси Т. Рыскулов ошол учурда Түрк Республикасын түзүү анын жергиликтүү деп, казак, өзбек, кыргыз, түркмен элин эсептөө, түрк тектүү эл болгондуктан бир мамлекеттик түзүлүш катары кароо сунуштарын көтөргөн. 1920-жылы 23-февралда М. В. Фрунзенин Ташкентке келүүсүнөн кийин Т. Рыскуловдун проектиси боюнча Түрккоммиссиянын ойлору өзгөрүлүп, комиссия мурдагыдай РСФСРдын курамында автоном республика боюнча калуусун колдоп чыгышкан. Натыйжада Туркестан автоном мамлекетин территорияалдуу жана улуттук негизде бөлүү маселелери, кадр саясаты, ТуркЦИК менен Турккомиссиянын ортосунда чоң талаш тартышты жараткан». [8] Бул эки органдын талаш-тартышына В. И. Лениндин кароосу менен чекит коюлган. Т. Рыскуловдун сунуштары четке кагылган менен анын аракети, Туркестанда жашаган улуттук автономиялардын түзүлүүсүнө таасирин тийгизген. В. И. Ленин этнографиялык карталар түзүлүп, Туркестанда Өзбек, Туркмен, Кыргыз элдеринин биригүүсү же өздөрүнчө мамлекеттик түзүлүш катары үчкө бөлүнүүсүн карап чыгууну сунуштаган. 1920-жылы жайында ВЦИК РСФСР «Туркестан республикасы» боюнча токтом кабыл алып, Туркестанга ТССР РСФСР деген ат ыйгарылган».[9] Ошол эле учурда, 1920-жылы августа Совет бийлиги басмачылар менен күрөшүүнүн жаңы ыкмасын иштеп чыгышкан. Ферганада военый совет түзүлүп, бүт атуулдук элдик башкаруулар военный Советке өткөрүлүп берилген. Басмачылардын туугандарын жакындарын барымтага алуу чарасы колдонулган. Бирок басмачылардын иш-аракети токтобогон. Август айында Анжиан районун өзүндө эле 100 миң пуд иштетилген пахта, 33 миң пуд иштетилбеген пахта, 12 миң пуд себилүүгө даярдалган үрөндү өрттөшкөн. Анткени, чыгымсыз эксплуатация өөрчүп, Фергана сыревой базага айланып, Россияга арзан пахта, ун, күрүч ж.б.у.с. экспорттолуп турган. Ынклапчыларга каршы Ферганага жаңы аскер бөлүктөрүн которуу жүргүзүлгөн. 1920-жылдын аягына Жети-Суудан жана Бухар согушунан бир нече аткыч бригада жана коволерия полку келген. Аягышкан согуш наманган, Анжиан, жана Ош багыттарында жүргөн. Наманган уездинин басмачылардын курамында 200 акгвардиячылар болгон. Анжиан –Ош багытында басмачылардын колунда 1,5 адам болгон. Буларга каршы 15-чи Дунган ковалерия полку турган. Кокон багытында миңден ашуун басмачылар болгон. Жалал-Абадда төрт күн согуш жүргөн. Кызыл Армиянын бөлүгүнүн ок дарысы түгөнүп жеңилүү алдында турганда жардамга бронепоезд келген. Тынымсыз басмачылар менен согуш жүрүп 1920-жылы декабрда Я. А. Мелкумовдун 9-бригадасы, Казакбай жана Аман палвандын, Парпинин бирикмесин талкалаган. Көр Шерматтын колу Алай тарапка чегинген.[10] Наманган Жалал Абад тараптан басмачылар агылып бөлүнүп-бөлүнүп Эки Суу Арасына топтолушкан. Соушта көп кыргынга учураган эл алгач тынчылык жол менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү ыкмаларына өтүшкөн. Мындай окуялар тарыхта белгиленет. Майли Сай кыштагында куралсыз дыйкандар басмачыларды үйлөрүнө конокко чакырышып, жалгыздашып белги менен бир учурда басмачыларды куралсыздандырышкан. 37 мынтык, 37 ат тартып алышкан окуя болгон. Бул окуя СССР тарых булактарында белгиленген. Ошол эле учурда, Туркистан согушунун командованиясы Ферганага 3-чү Туркестан дивизиясын, 1921-жылы жайы 9-чу ковалерия полкун жана 8-чи аткычтар бригадасын 15,16,17 жана 19 чу ковалерия полкун, 26-чы авиация отрядын жөнөткөн. Жалал-Абад, Ош, Анжиан, Фергана багытында басмачыларга каршы тынымсыз согуш жүргөн. Шахимарданда чоң салтанат өтүп Көр Шерматты «Фергананын ханы» деп, көтөрүшкөн. Ошол учурда кызылдар басып кирип, Көр Шермат качып кутулган. Жаныбек казы кызылдарга багынып өткөн».[11] Кийинчерек Ташмат кор башы, Токтосун, Мырза-Паңсаттар өткөн. Намангандан Дадабай, Анжиандан Рузмат, Мырза Умар, Кичинекей Карабай, Убайдулла Мырза Али. Намангандан Байтуман, Алайдан Нурмамат Миң башы, Алайда корбашы Манас өлтүрүлгөн. Токтом—Паңсат, Чаткалдан Курбан Али, Анжианда Жүнүс Кор башы өткөн. Анжиан, Ош, Наманган өрөөнүнөн сентябрь, октябрь, ноябрь ай ичи басмачылардын башчыларынын 50 пайызы кызылдарга багынган. Булар Көр Шерматтын негизги тоодой тайанган, жердештери кол башчылары эле. Көр Шермат кызылдарды жеңе албасын, мындан ары бөөдө кан төгүлүүлөр боло берерине көзү жеткен соң, 1922-жылдын декабрь айында удаа түзүлгөн Туркестан автоном өкмөтүн жоёт. Өзүнүн иниси Нурмахамедбек жана Токтосун Максуд менен 450-500 жигиттеринин коштоосунда Фергана өрөөнүн таштап, Бухар Республикасына кийин, 1929-жылы Авганистанга өтүп кетет.[12] Ал ыктыярдуу отрядын командири Муса Нарынбаев менен жолугушуп, удаа түзүлгөн өкмөт жоюлган соң, өзүнүн барымтадагы инисин бошотуусун суранган. Көр Шермат (Шермухаммедбек) өзүндө ыктыярдуу отрядан Жалал Абад өрөөнүнөн барымтада жаткандарды толук бошоткон. Муса Нарынбаевдин башынын алынуусуна басмачылар ошол учурда сыйлык жарыялаганын эске алсак, ал жөнөкөй адам болбогон. Бирок Ферганада удаа түзүлгөн Өкмөт жоюлганда Совет бийлиги басмачыларга элдешүүгө барууну токтоткон. Көр Шерматтын (Шермухаммедбектин) кетиши менен басмачылар коргонууга мажбур болушкан. Алардын жетекчиси болуп, Көр Шерматтын (Шермухаммедбектин) жардамчысы Исламкул шайланган. Бирок бөлүнүп жарылган басмачылар мурдагыдай каршылык көрсөтө алган эмес. Совет бийлигине каршы согуш мурдагыдай чоң болбосо да жер жерлерде тынбай жүрүп турган. Анткени басмачылардын негизиги бөлүгү талкаланып, удаа түзүлгөн Фергана өкмөтү толук жоюлган соң, ыктыярдуу өткөн басмачылардын көзүн кызылдар тазалай башташкан. «1920-жылы Кызырабаддан чыккан Аман палбан паңсат 200 дөй жигити менен Кудук Сайга (Шамалды Сай) келип, ыктыярдуу отряд менен кагылышуу болгон. 1920-жылы январда Шың Сайга Жолдош паңсат, Ташмат паңсат, Жайчы корбашы, Мырзайим корбашылар колу менен келип, айылдын элине салык салып, барымтага адам издешип чу салышкан. ОГПУнун чалгынчысы Базарбаев Айталынын кабарынан улам, Тагай болуш Избаскен горнизонунан 100дөй ашуун кызыл отряд менен ыктыярдуу отряддын кошулмасын алып келип, эки күн атышуу болуп басмачылар жеңилген. Он күн өтпөй Пайтыктан чыккан Исраил корбашынын 100дөй адамдары менен келип Сары Бээ элин чаап тоноп кетет. Ошондон улам Тагай Базарбаевдин кийлигишүүсү менен Майлуу Сууга горнизон ачылып, 1920-1922-жж. аралыгында Кызыл отряддын бөлүгү жайгашат. 1921-жылы Көлбай корбашы Майли Сай өрөөнүнөн; Бүргөндү, Кызыл Туу, Шың, Кызыл Алма, Көп Сөөк, Кудук Сай, айылдарына капыстан басып кирип, кол салып кыска жортуулдарды жасап элдин тынчын алат. Натыйжада Тагай, Муса, Дооронкул баштаган ыктыярдуу отряд менен Көлбай корбашынын колу кагылышып, Көлбай жеңилип калат. Көр Шерматтын оң колу болгон Логумбектен чыккан Көлбай корбашы менен Тагай Базарбаев жолугуп, сүлөшүү жүргөн. 1922-жылы Көлбай корбашыны Тагай менен байланышканы үчүн өзүнүн жигиттери башын алышат. 1923-жылы 11-июндан 10 сентябрга чейин Исламкул баштаган 183 басмачы колго түшүрүлүп, 1924-жылы Аскер трибуналынын чечими менен өлүм жазасына тартылышып атылышкан. Фергана өрөөнүндө 1919-жылдары 2миллион 200 миң адам жашаса, 1924-жылдын аягында 500 миң адам калган. Акыркы он жылдын ичинде 1миллион 700 миң адамга калктын саны азайган.[13] 1924-жылы 14-октябрда РСФСРдын курамында Кара-кыргыз автономиялык областы түзүлгөн. 1926-жылы 12-чакырылуусундагы шайланган БАКтын (Бүткүл Союздук Борбордук Аткаруу Комитетинин) президиуму автономиялык областы жоюуп, Кыргыз АССР кайра түзүү чечимин кабыл алган. Басмачылардын жеңилүүсү менен каршылык басаңдап, бирок жер жерлерде партизандык кыймыл жүрө берген.
Адабият
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.