Эки тизени бүгүп чочоюп басып жүрүп түртүшүү

Википедия дан

Шарты[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Оюнчулардын саны 4—10 киши. Оюн өткөрүлүүчү жер: аянтча, спорттук бөлмө. Оюнга даярдануу. Оюнчулар экиден болушуп бир бирин карашып тизелерин бүгүшүп чочоюп отурушуп, оюндун шарты жөнүндө сүйлөшүп алышат.

Оюндун баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Оюнчулар тизелерин бүгүп басып жана секирип жүрүшүп бир бирин колдору менен түртүшүп жана тартышып тең салмактарынан чыгарып отургузууга аракеттенишет. Андан кийин оюнчулар атаандаштары менен алмашышып, оюнду кайрадан каалашкан убакытка чейин улантышат. Атаандаштарын тең салмактарынан чыгарып көп ирет жыдыткан адам, оюндун жеңүүчүсү болот.

Оюндун эрежеси[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тизелерин түздөп тик турууга, бир бирин муштоого, урууга, колдун манжаларын кайрууга, кийимдерден, чачтардан кармоого, чурулдоого болбойт,

Оюндун тарбиялык мааниси. Күч, шамдагайлык, чыдамкайлыкка тарбияланат, туруктуулукка, тең салмакты сактоого үйрөтөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]