Экология валенттүүлүгү

Википедия дан

Экология валенттүүлүгү - тирүү организмдердин чөйрөнүн өзгөрүшүнө жараша ылайыкташышы.

Экология валенттүүлүгү кандайдыр бир экологиялык факторго (температура ж. б.) карата айырмаланат. Түрдүү ири өзгөрүүлөрдү көтөрө алган организмдер «эври» (эвритермдик - температуранын өзгөрүшүнө карата) жана бир аз айырмага ылайыкташканы «стено» менен белгиленет. Өзгөргөн факторлордун комплексине кеңири ылайыкташкан организмдер (Экология валенттүүлүгүгү жогору болгон) эврибионттор, аларга карама-каршы келген организм тобу стенобионттор делет. Эврибионттор стенобионтторго салыштырмалуу түрдүү тиричилик өткөзүү ареалдарын ээлейт, к. Экосистема.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4