Мазмунга өтүү

Экономикалык блокада

Википедия дан

Экономикалык блокада - Өзгөчө согуш учурунда, кээде согуш болбогон кезде деле бир өлкөнүн башка өлкөлөрдөн алып жаткан материалдык жардамдарын жеткирбөө максатында жолдорду жабуу үчүн жасалган аракет экономикалык блокада деп аталат.

Экономикалык блокада учурунда кемелер олжолонуп, ичиндеги азык-түлүктөр таланат, андан сырткары кээде алар чөктүрүлүп жиберилет. Соңку жылдардагы экономикалык блокада мисал боло турган окуялардын бири АКШнын Түндүк Вьетнамга жардам иретинде азык-түлүктөрүн ташып келген кемелерди жергиликтүү вьетнамдыктарга жеткирбөө максатында Хайфонк портуна мина коюу аркылуу эң маанилүү деңиз портун жабуусу болуп эсептелет.

Тек гана согуш маалында эмес, саясий маселелер курчуган учурларда да экономикалык блокада аракети жасалышы мүмкүн. Мисалы, 1967-жылы Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүндө араптар менен Израилдин ортосундагы Алты күндүк согуш башталардан мурда Египет Израилдин түштүгүндөгү Елиат портуна кеткен жолду жабуу үчүн Акаба кысыгынын оозун блокадага алып, кысыкка кирип-чыгууга тыюу салган болчу. Бул-согуштун чыгышына түрткү болгон негизги факторлордун бири эле.

Дагы башка мисал келтире турган болсок, 1962-жылы Кубада АКШга каршы ракета платформаларынын курулушуна байланыштуу АКШ жаңы ракеталарды алып келген советтик кемелерге каршы деңиз жана аба жолдору аркылуу күч колдонуп, блокада жасаган жана бул кемелерди Куба аймагына киргизбей, кайра артка кайтууга аргасыз кылган. Башка бир учурду алсак, 1948-жылы Берлинге кеткен жолдорду жабыш үчүн Советтер Союзунун жасаган аймактык иш-аракеттери экономикалык блокада аты менен белгилүү. Бул блокадага каршы Берлинге аба жолдору аркылуу жардам жөнөтүлгөн. Ошентип, жел көпүрө түзүлгөн. 1963-жылы Кипр кризиске учураган мезгилде америкалык алтынчы флоттун бул аралга келип, дипломатиялык жолдор аркылуу Түркияга карата жасалган кол салуу аракетинен эч кандай майнап чыкпасына көзү жетип турса да, алардын аскерлеринин сыртка

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Эл аралык мамилелер сөздүгү/ Түз. Аббас Караагачлы; котор. Топчугүл Нармаматова, -Б.:КТМУ, 2008.- б. ISBN 978-9967-24-921-9