Экономика кризистери

Википедия дан

Экономика кризистери - кайталап өндүрүү циклинин төрт фазасынын бири (өндүрүштүн өсүшүнүн туу чокусу, ашыкча өндүрүү кризиси.

Депрессия жана жанданып көтөрүлүү). Экономикалык кризис төмөнкү шарттарда пайда болот:

  • 1. Товардык капиталдын ашыкча өндүрүлүшүндө (сатылбай калган продукциянын өсүшүндө);
  • 2. Өндүрүш капиталынын ашыкча топтолушунда (жумушсуздуктун өсүшүндө, өндүрүш кубаттуулуктарынын кем пайдалануусунда);
  • 3. Акча капиталынын ашыкча топтолушунда өндүрүшкө сарпталбай калган акчанын санынын көбөйүшүндө).

Жыйынтыгында, экономикалык кризис өндүрүштүн чыгымдарын жогорулатып, накта кирешени азайтат, баанын, айлыктын төмөндөшүнө, элдин жашоо турмушунун деңгээлинин начарлашына алып келет. Экономикалык кризистердин түрлөрү тармактык, структуралык (өз ара байланышкан бир нече тармакты камтыган), улуттук, аймактык (региондун бир нече өлкөсүн камтыган) жана дүйнөлүк болушу мүмкүн. Экономика кризистери - өндүрүш циклинин фазалары. Мында экон-нын өнүгүшүндө бузулган кайталанма өндүрүш пропорциясы күч менен калыбына келтирилет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мусакожоев Ш.М. ж.б. Экономика: Жогорку окуу жайлары үчүн окуу китеби. Оңд. толукт. 2-бас./ Ш.М. Мусакожоев, Б.Ч. Ишенов, Б.Ш. Мусакожоева. - Б.: «Турар». 2011. - 528 б. ISBN 978-9967-15-095-9