Экономика университети

Википедия дан

Экономика университети, Кыргыз Экономика университети (КЭУ) М. Рыскулбеков атындагы - мамлекеттик адистештирилген жогорку окуу жайы.

1954-ж. ачылып, Фрунзе советтик соода техникуму деп аталган. 1999-ж. Бишкек мамлекеттик экономика университети аталып, институтстатусу берилген. 2007-ж. Кыргыз экономика университети болуп өзгөрүлгөн. Окутуунун негизги профилдери: менежмент жана башкаруу, жеңил жана тамак-аш өнөр жай, социалдык чөйрө, техника жана технология, тейлөө чөйрөсү, экономика жана финансы ж. б. Университет магистрант жана жогорку квалификациялуу адистерди, бакалаврларды даярдоо менен катар илимий-изилдөө иштерин жүргүзөт. Университет эл аралык багытта Бельгия, Улуу Британия, Франция, Испания, Иран, Түркия, Моңголия, Финляндия, Италия, Россия, Латвия, Өзбекстан, Казакстан, Украина сыяктуу дүйнө өлкөлөрүнүн окуу жайлары менен кызматташат. Университетте 4 ф-т, 14 кафедра, Соода-экономика коллежи жана лицей бар. Адистерди даярдоодо 300дөй окутуучу (а. и. 15 доктор, 45тей илимдин кандидаттары жана белгилүү окумуштууэкономисттер ж. б.) эмгектенет (2014). Ректору T. К. Камчыбеков (2007-жылдан).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4