Экспозиция (адабият)

Википедия дан

Экспозиция (лат. – түшүндүрүү) – көркөм чыгармаларда сюжеттин элементтеринин бири болгон экспозицияда каармандар жөнүндө алгачкы маалыматтар белгилүү болуп, окуя өтө турган тарыхый шарт жөнүндө, жалпы эле конфликтиге чейинки ал-абал тууралуу түшүнүк берилет. Мис., Ч. Айтматовдун «Атадан калган туяк» аңгемесиндеги Авалбек, Жээнгүл жөнүндөгү автордун баяны, кой кыркчу кашардагы турмушту сүрөттөө экспозицияга кирет. Экспозицияны чыгармадагы ордуна карап, төмөнкүдөй түрлөргө бөлөт: түз экспозиция – чыгармадагы негизги окуянын башталышынан мурда келет, кечиктирилген.

Экспозиция – окуя түйүндөлүп, конфликт түзүлгөндөн кийин каармандар жөнүндө автордук баяндоо. Мис., Т. СыдыкбековдунПайдага чечилген чатак” аңгемесинде, тескери экспозиция – мында каармандар жөнүндө маалымат, алардын байланышуу-катнашуу жагдайлары чыгарманын аягында берилет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]