Элам мамлекети

Википедия дан

Элам мамлекети (шумер тилинде Ним; аккад тилинде Эламту; өзүлөрүн Халтамти (На1tamti) деп аташкан) - б. з. ч. үч миңинчи - б. з. ч. 6-кылымдын орто ченинде азыркы Түштүк-Батыш Иранда (Хузестан жана Лурестан провинциялары) жайгашкан байыркы мамлекет (тарыхый аймак).

И. Флавий эламдыктарды байыркы ирандыктардын ата-бабалары деп эсептеген. Суза ш. борбору болгон Элам мамлекетинин 2 миң жылга жакын созулган тарыхы шарттуу түрдө үчкө бөлүнөт;

  • 1) протоэламдык - б. з. ч. 3200-2700-ж. (Суза шаарынын айланасын камтыган);
  • 2) байыркы эламдык - б. з. ч. 2700-1600-ж. (Сузанын бийлигине Эпарти династиясынын келиши);
  • 3) жакынкы эламдык - б. з. ч. 1500-1100-ж. (вавилондуктардын Сузага чабуул жасаган мезгили);

неоэламдык же иралдыктар жана сириялыктардын үстөмдүк кылган мезгили б. з. ч. 1100-539-ж-ды камтыган. Б. з. ч. 549-ж. ирандыктар басып алып, эламдыктардын маданиятын кабыл алышкан. Диний ишенимдери жалпысынан политеизм болгон.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4