Политеизм

Википедия дан

Политеизм (поли... жана грекче theos – кудай) – көп кудайга сыйынуу. Политеизм коом таптарга жиктеле баштаган мезгилде пайда болгон. Политеизмде керемет дүйнө өз аты, өз турпаты, табиятта жана коомдо өзү башкарган аймагы, ошондой эле бийлиги бар кудайлардын иерархиясы катары көрсөтүлөт. Политеизмдин түшүнүктөрү жана жөрөлгөлөр монотеизмде (жалгыз кудайга ишенүүгө негизделген диний система) да кездешет. Политеизм байыркы Египет, Грекия жана Римге, учурда Индия менен Японияга мүнөздүү.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]