Мазмунга өтүү

Байыркы Египет маданияты

Википедия — ачык энциклопедия

Байыркы эгипет б.з.ч канча дагы жылдары мурун курулган

Байыркы Египет Маданиятынын өзгөчөлүгү анын географиялык абалынаНил дарыясынын түшүмдүү өрөөнүнөн орун алгандыгына байланыштуу. Кулдардын күчү ири сугат системалары менен храмдарды курууга жумшалган; көптөгөн каражаттар пирамидаларды курууга сарпталган. Алардын эң чоңу – Гизадагы Хеопстун пирамидасынын (бийиктиги 146,6 м) курулушуна 30 жыл бою бир эле мезгилде 200 миң кул иштеген.

Коомдогу жетектөөчү роль бийлик төбөлдөрү менен жрецтерге таандык болгон.

Диний көз караштары

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Диндеги негизги салт өлгөндөрдүн денесин мумия менен катыруу, ошондой эле жаныбарларга сыйынуу эсептелген.

Жазуу тамгалары

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Байыркы Египет маданиятындагы бир өзгөчөлүгү – анын татаал иероглиф жазмасы.

Мисирдик жазмалар

Илимий иштери

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Египетте зор колдонмо мааниге ээ болгон илимдерге (геометрия, арифметика, жөнөкөй алгебра) негиз салынган.

Адабий булактар бизге көпчүлүк учурда байыркы грек белгисиз авторлорунун чыгармалары катары жетти. Негизги адабий жанрлар: тамсилдер, насыяттар, баяндар, мифтер,жомоктор, гимндер, сыйынуулар, эпистолярдык тексттер. Диний – мифтик тексттер биздин мезгилге «Саркофагдардын тексттери», «Пирамидалардын тексттери», «Маркумдар китептери» деген жыйнактарда топтоштурулуп жетти.

Байыркы Египет маданияты жөнүндөгү маалыматтар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Байыркы Египеттин маданияты жөнүндөгү көптөгөн маалыматтарды байыркы гректер сактап жеткиришти. Алар Байыркы Мисирди акылмандуулуктун өлкөсү деп, ал эми мисирдиктерди өздөрүнүн мугалимдери деп эсептешкен.

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору болот. Философия (энциклопедиялык окуу куралы).-Б.: 2004, ISBN 9967-14-020-8