Мумия (сөөк)

Википедия дан
Кичи Азияда табылган мумия

Мумия (араб тилинде مومياء) , ар кыл себептер менен (маселен, диний, саясий ж.б.) жана ар башка усулдар аркылуу өлгөн кишинин же башка жаныбардын чирүүдөн сакталып коюлган сөөгү.

Бул археологиялык "мумия" сөзүн кыргыз тилинде колдонулган "мумия" же "момия" деп аталган дары-дармек түрү менен чаташтырууга болбойт.

Кыскача таржымакалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Өлгөн кишинин сөөгүн жакшылап сактап калуу салты – эң байыркы доорлорго жана байыркы кишилердин диний ырым-жырымдарына барып такалат.

Байыркы Египетте (Мысырда) б.з.ч. 1500-жылдарда атайылап катырылган сөөк (мумия) биздин күндөргө сакталып жетти. Байыркы египеттиктер өлгөн кишинин руху аркы дүйнөдө кайра өз денесин табышы ыктымал деген түшүнүккө ылайык өтө мартабалуу кишинин сөөгүн бальзамдап, катырып коюшкан.

Мысырда иттер жана башка үйрөтүлгөн жаныбарлар да мумияланган өрнөктөр табылган.

Мумиялаган ыкмаларда колдонгон технологиялардын айрымдары азыр да илимде толук ачыла элек.

Борбордук Азия элдеринде (Кыргызстандын Баткен аймагында), Алтайда, Кытайдагы Такла-Макан чөлүндө, Африкада, Америкада, ж.б. аймактарда да археологиялык казуу маалында мумиялар табылган.

Африканын бүбү-бакшылар (шамандар) күчүн жогото элек айрым урууларында бүгүн да сөөктү мумияга айлантуу салты байкалган.

Саясий максатта мумияланган сөөктөр да бар, маселен, большевиктер Владимир Лениндин сөөгүн 1924-жылы катырып коюшкан.

Кыргызстандагы мумия чатагы (2017)[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1970-жылдардан бери Кыргызстандын Мамлекеттик Тарых музейинде турган көөнө мумия 2017-жылы 14-октябрда шашылыш түрдө Баткен облусунун Кара-Булак айылындагы Мыктым-Гөр деген жерге жеткирилип, кайра көмүлгөн соң [1], өлкөдө чоң талкуу жаралды.

Окумуштуулардын маалыматы боюнча, белгисиз кыздын мумиясы 1959-жылы Баткен аймагынан табылган. Кийинчерээк көмүлгөн жеринен казылып алынып, музейге алынып келинген. Айрым маалыматтар боюнча ал 4-5-кылымдарга таандык.

Мумияны кайра жерге көмүү демилгесин айрым коомдук уюмдар жана бүбү-бакшылар көтөрүп чыгышкан. Негедир Кыргызстандын Маданият министрлиги бул маселеде бүбү-бакшыларга жетеленип, 2017-жылы 12-октябрда мумияны кайра ордуна алып барып көмүү тууралуу илимпоздор каршы турган чечимди чыгарган.

Мумияны жерге көмүү иш-чарасына айрым жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, айрым окумуштуулар катышты. Бирок археолог жана илимпоздор бул чечимге каршы чыгышкан. Кыргызстандын президенти А.Атамбаев да 2017-жылдын 15-октябрындагы маегинде бул чечимди ката болду деп баалады. [2]

Илимпоздор мумияны Баткен мамлекеттик университетинин чөлкөм таануу музейине же Ош шаарындагы Сулайман Тоо музейине кайра жеткирүү талабын билдиришти. [3]

Мумия тууралуу эмгектер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Aufderheide, Arthur C. (2003). The Scientific Study of Mummies. Cambridge: Cambridge University Press. ISBN 0-521-81826-5.
  • Barber, Elizabeth Wayland. 1999. The Mummies of Ürümchi. 1999. London. Pan Books. Also: W. W. Norton & Company. ISBN 0-393-04521-8.
  • Budge, E.A.Wallis. 1925. The Mummy, A Handbook of Egyptian Funerary Archaeology. Dover Publ. Inc., New York, Dover Ed. 1989, (512 pgs.) ISBN 0-486-25928-5.
  • Davis-Kimball, Jeannine, with Behan, Mona. 2002. Warrior Women: An Archaeologist’s Search for History’s Hidden Heroines. Warner Books, New York. First Trade Printing, 2003. ISBN 0-446-67983-6.
  • Ilkerson, Bill. 2006. Wrap-It-Up: How My Lost Child Will Survive Us All. Portland. Eye of Raw Texts. ISBN 0-439-56827-7.
  • Mallory, J. P. and Mair, Victor H. 2000. The Tarim Mummies: Ancient China and the Mystery of the Earliest Peoples from the West. Thames & Hudson. London. 2000. ISBN 0-500-05101-1.
  • Heather Pringle. 2001. Mummy Congress: Science, Obsession, and the Everlasting Dead. Penguin Books. ISBN 0-14-028669-1.
  • Taylor, John H. 2004. Mummy: the inside story. The British Museum Press. ISBN 0-7141-1962-8.
  • Бадж У. Мумия. Материалы археологических исследований египетских гробниц. — М., 2001.
  • Рак И. В. Легенды и мифы Древнего Египта. — СПб., 1997.
  • Шоу Я. Древний Египет. — М., 2006.


Видео тасмаларга шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Chan, Wah Ho (Cinematographer) (1996). Pet Wraps (TV). - USA: National Geographic Television.
  • Frayling, Christopher (Writer/Narrator/Presenter) (1992). The Face of Tutankhamun (TV-Series). - England/USA: British Broadcasting Corporation (BBC).


Мумиялар тууралуу сүрөттөр[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Байланыштуу макалалар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Макала ичиндеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]