Элдердин улуу көчү

Википедия дан

Элдердин улуу көчү– Европа аймагында 4–7-кылымда элдердин жер которуусунун шарттуу аталышы. Борбордук Азияда жашаган гундардын батышты көздөй 4-кылымдын 70-жылдарында жылышы элдердин улуу көчүнө түздөн-түз таасирин тийгизип, анын башталышына түрткү болгон. Көчмөн мамлекеттердин пайда болуусу жана кыйрашы, ар түрдүү уруулар жана этностор ортосундагы салгылашуулар массалык көчүүлөрдүн келип чыгышын шарттаган. Элдердин улуу көчүнө Азия жана Европадагы тарыхый процесстерге таасирин тийгизип, ал аймактарда этностук өзгөрүүлөргө алып келген.

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.