Элдик искусство

Википедия дан

Элдик искусство - колдонмо искусство.
Кыргыз элинин жасалга-колдонмо искусствосу байыркы доордо эле калыптанып өнүгүп келген. Анын материалдык негизин мал чарба продуктулары, жыгачты, металлды жана башка иштетүүгө байланышкан үй өндүрүшү түзгөн. Бул өндүрүшкө эмгекке жарактуу ар бир үй-бүлө мүчөсү катышкан. Үйдөгү өндүрүш жана кол өнөрчүлүктүн өнүгүшү жалан эле үй тиричилигине жана турмуштук зарылчылыкка шартталбастан, элдин сулуулукка, кооздукка, өнөргө умтулуусуна да байланыштуу болгон.

Эстетикалык керектөөнү канааттандырууга, тиричиликти көркөмдөөгө болгон мүмкүнчүлүктү толук пайдаланууга умтулуу көркөм кол өнөрүнүн ар тармагын өнүктүргөн. Ал өзүнүн көп түрдүүлүгү, оймо-чиймесинин (орнаменттик) тактыгы, өзгөчөлүгү, түстөрдүн жана тондордун айырмалуулугу, бай, ажайып фантазиясы менен белгиленген. Көчмөн турмуш көркөм искусствонун өнүгүш мүмкүнчүлүгүн чектегенине карабастан, узакка пайдаланууга ылайыкташтырылган турмуш-тиричилик буюмдары (турак жайынын ички, тышкы жасалгасы, аялдардын кооздук, асем буюмдары, ат жабдыктары) гана эмес, күнүмдүк кийим-кече, үй тиричилигинде дайыма урунула турган буюмдары дагы көркөм чыгармачылыктын деңгээлин көрсөтө алган.

Үй шартындагы өндүрүштө жана кол өнөрүнөн жасалган ар кандай көркөмдөлгөн буюмдар турмуш-тиричиликте пайдаланылган. Элдин аң-сезиминде кол өнөрү турмуш-тиричиликтен ажырагыс болуп эсептелген. Кыргыз көркөм өнөрүнүн кайталангыс шедеврлери сыймыктанууга татыктуу болсо дагы ал көркөм чеберчиликтин уникалдуу үлгүсү катары бааланбастан, турак жайдын же интерьердин бир бөлүгү, кийим-кече, же ат жабдыгынын ажырагыс элемент катары кабыл алынган да, анын көркөмдүүлүгүнө караганда, пайдаланууга ынгайлуулугу жогору бааланган. Кыргыз элинин жогорку деңгээлдеги чеберчиликке жөндөмдүүлүгү, дилгирдиги өзгөчө көркөм өнөр искусствосунан ачык көрүнгөн.

Кол өнөрчүлүктү биздин элдин маданиятынын, искусствосунун рухий турмушунун башка тармактарынан бөлүп кароого болбойт. Кол өнөрчүлүктүн чыгармалары, оюу-чийүү орнаменти, элдик поэтикалык оозеки жана музыкалык чыгармачылыгы менен органикалык байланыштары өнүгүп, бири-бирине таасирин тийгизгендиги алардын ортосундагы жалпы белгилерден байкалат. Бул жалпылык - элдик нукура терең реалисттик стили, айкын көркөмдүк, өтө бай образдуулугу, чеберчилиги менен айкалышкан.

Көркөм кол өнөрү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Көп кылымдык көркөм чыгармачылык көчмөн тиричиликтин, өндүргүч күчтөрүнүн начар өнүгүшүнүн шарттарында пайда болгон. Эл негизги кесиби- малчылык жана дыйканчылык менен катар үй өндүрүшүнүн жана кол өнөрчүлүгүнүн шарттарында өз чарбасынан (жүн, булгаары, тери) жана сырттан (темир, күмүш) алынган айрым чийки заттарды колдонуу менен турмушка зарыл материалдык байлыктарды жаратып келген.

Көркөм чыгармачылык укумдан-тукумга өтүү менен өнүгүп олтурган. Чеберчилик менен салт улам кийинки муунга мурас- талып, элдин тарыхы менен кошо өнүккөн. Кыргыздардын колдонмо өнөрүнө өзүнө таандык өзгөчөлүк, таланттуулук, укмуштуудай көп түрдүүлүк мүнөздүү. Буюмдун практикалык функциясы менен көркөм жасалганын айкалышы жана жалпы элдик мүнөздө болушу анын эң баалуу сапаты болгон. Кыргыз эли көчмөн турмушка тыгыз байланышкан боз үйдүн, ат жабдыгынын кайталангыс өзгөчө жасалгасын жараткан. XIX к. кыргыз жасалга-колдонмо өнөрү жогорку деңгээлге жеткен. Түс (өң) менен оймо-чийме жасалгалоонун негизги каражаты болуп кала берген. Анда элдин рухий дүйнөсү жана таланты чагылдырылган. Эл түс маданиятынын эстетикалык нормаларын иштеп чыгып, анын оймо-чийме менен айкалыш эрежелерин калыптандырган. Натыйжада жөнөкөйлүүлүгү жана таасирдүүлүгү боюнча эң сонун шайкештик пайда болгон.

Кыргыз элинин кездемелеринин, түктүү килемдеринин, саймаларынын, чырмалган чийлеринин жана шырдактарынын колорити шаңдуу ыргакты түзүп, өтө мыкты ачык түстөрдөн түзүлүп, кызыл түс басымдуулук кылган. Аларга өсүмдүктөрдөн жасалган боёктор колдонулган. Оймо-чиймелер - элдин демилгеси менен фантазиясын көрcөткөн эң сонун көркөм мурас, жасалганын өзгөчө тармагы. Алар өтө көп түрдүү. Колдонмо өнөрүнүн ар бир түрүнүн өзүнчө кооздугу бар. Кыргызстандын оймо-чиймелеринин жаралуусу ар кайсы мезгилдерге таандык. Аларда Борбордук Азия жана Казакстан, Волга бою, Кавказ жана башка элдердин оймо-чиймелерине окшош жалпылыктар кездешет. Бул кыргыз элинин башка региондогу элдер менен этностук жана маданий байланышта болгондугун айгинелейт.

Элдик оймо-чиймелердин аттары жана мотивдери да ондоп саналат. Алардын көпчүлүгу байыркы оймо-чиймелерден туруп, жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүн, көчмөн тиричиликти чагылдырат. Бир кыйла туруктуу оймо-чиймелер колдонмо өнөрүнүн азыркы түрлөрүндө да кездешет. Алардын негизгилери ар түрдүү варианттарда түшүндүрүлүүчү кочкор мүйүз, кочкорок, сынар мүйүз, кайкалак, көз жоосун алган кыял оюсу, үч бурчтук, кара тырмак, ит куйрук, тогуз дөбө жана башка оймо-чиймелер кеңири тараган. Оймо-чиймелердин кээ бир эскилери жоюлуп, азыркы мезгилди чагылдырган жаңы түрлөрү да пайда болууда. Кыргыздардын чыгармачылыгында жүндөн жасалган көркөм буюмдар да негизги орунду ээлеген. Кийиз - көчмөн адамдын тиричилигинде эзелтен эле анын турак жайы менен төшөнчү- орунчусу, кийим-кечеги менен ат жабдыктарынын, эмерегинин ажырагыс бөлүгү болуп келген. Шырдак менен ала-кийиз кыргыз элинин кийизден буюм жасоодогу зор чеберчилигинин далили.

Алар да кыргыздардын жасалга-колдонмо өнөрүнүн негизин түзөт десек болот. Элдик чеберлер байыртадан келе жаткан көркөмдүк принциптерди өнүктүрүү менен катар өздөрүнүн жеке чыгармачылыгы аркылуу жаңылыктарды да киргизип, оймо-чиймелердин мазмундарын байытып, кеңейткен. Борбордук Азия элдеринин техникалык жана көркөм ыкмаларынын көп жалпылыктары болгондугуна карабастан, кыргыз элинин саймалуу туш-кийиздери менен килемдеринде улуггук көркөм табити сакталып, өзүнүн стилдик белгилери ипгелип чыккан. Кыргыздын кайталангыс оймо-чиймелер менен кооздолуп, чырмалган чиймелери да көркөмдүүлүгү менен өзгөчөлөнөт. Саймачылык өнөрүнүн техникалык ыкмалары жана оймо- чийме мотивдери өтө ар түрдүүлүгү менен айырмаланат.

Эл чыгармачылыгынын бул түрүнүн эволюциясын матага, булгаарыга, кийизге, жүн жип менен сайылган байыркы саймаларды кийинчерээк тукабага жана ноотуга түшүрүлгөн саймаларга салыштыруу менен байкоого болот. Сайма өнөрүнүн улуттук сыймыгы туш-кийиз болуп калды. Кымыз куюучу көөкөрлөр, чыны каптар жана башка буюмдар өздөрүнүн кайталангыстыгы менен айырмаланат. Наар түшүрүлгөн ат жабдыктары да өтө зор көркөм баалуулукка ээ. Элдик зергерлер кооздук, асем жасалгаларын жасоодо байыркы техниканы XX к. чейин сактап келишкен. Айрым усталар металлга оюу түшүрүп, калыпка металл куюп, наар түшүрүп, асыл таштарды буртуктесе, экинчилери алтын- күмүш зымдарын кооздоп ийүү чеберчилигин өздөштүргөн. Дагы бирөөлөрү ат жабдыктарды, көмөр-курларды, булгаарыны жыгач буюмдарын, боз үйдүн жыгачын жасоого адистешкен. Жергиликтүү зергерлердин күмүш билерик, шакек, сөйкө, чачпак cанабашка жасалгалары аялдардын кийимдерине көрк берип турган. Кырмачылар байыркы эң жөнөкөй куралдар менен табак, кесе сыяктуу жана башка жыгач идиштерди жасашкан. Элдик жыгач усталардын боз үйдүн каалгаларына, жүк жыюучу такталарга, сандыкка жана ар түрдүү кутуларга түшүргөн рельефтик жана контурдук кооз оймолору көз жоосун алат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]