Элдик мелдештер

Википедия дан

Элдик мелдештер. Уюткулуу кыргызда мелдеш – тубаса өзүнчө ар-намыс. Ат чабуу, балбан күрөшүү, ордо атуу, эр эңиш, бута ( жамбы ) атуу, аркан тартуу, тогуз кумалак, упай, жөө жарыш... Мындан башка биз айтпай кеткен сонун-сонун оюн-зооктор элибиздин дөөлөтүн, сөөлөтүн укмуштай арттырат. Андай мелдештерге (жарыштарга) айыл-айыл, урук-урук, уруу-уруу ортосунда мелдештер кирет. Кийинки чактары район-район, област-област жана башка республика- мамлекеттер менен и ара мелдешке чыгуубуз бар. Бул боюнча заманында да таң-тамаша мыкты өткөрүлгөн. Ошол салттар азыр да жанданууда. Бул эл-журтубузду, келечек муундарды патриоттукка үндөйт.
Мелдеште байгелер коюлган. Аларга төө баштаган бир тогуз, жылкы, уй, топоз, кой-эчки, жамбы (күмүш, алтын ) аң терилери, ат жабдыктары, акча, боз үй жана башка нак турган. Буларды калыс даекчилер кармап тараткан.

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Акматалиев Амантур Сейтаалы уулу. “Кыргыздын көөнөрбөс дөөлөттөрү” Бишкек – 2000 “Шам” басмасы. ISBN 9767-10-030-3