Элдик революция

Википедия дан

Элдик революция, «төбөл-дөрдүн» революциясына ж-а ордо төңкөрүшүнө тескерисинче адамдардын кеңири катмары жүргүзгөн революция.

Элдик революция эл массасын тарыхый чыгармачылыкка өздөрүнүн бүткүл экономикалык ж-а саясий талаптары м-н активдүү катышууга көтөрөт. Элдик революция ар кандай коомдук мазмунга ээ болушу мүмкүн. Улуу француз революциясы ж-а 1905–07-ж. Россиядагы революциялар элдик боло алышат. 20-к-дын башында болуп өткөн буржуазиялык үч: Португалиядагы, Туркиядагы, Россиядагы революциялардын биринчи экөө Элдик революция боло албайт. Ал эми Россиядагы революция Элдик болгону ага тартылган эл массасынын көбүн эзүүчүлөрдөн басынган, коомдун эң төмөнкү катмары түзгөн. Алар өздөрүнчө көтөрүлүп, бүткүл революциянын жүрүшүндө өз талаптарын коюп, кыйратылуучу эски коомдун ордуна өздөрүнчө жаңы коомду түзүүнү көздөгөн аракеттери м-н из салышкан. 20-к-дын 40-жылдарында Европа м-н Азиянын бир катар өлкөлөрүндө, о. эле 50-жылдагы Кубадагы болуп өткөн улуттук боштондук ж-а улуттук демократиялык революциялар жумушчу таптарынын бардык эмгекчилер м-н союздаштыгы алдында элдин кеңири массасы катышкандыктан, элдик демократиялык социалдык революция боло алат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Философия энциклопедиялык окуу куралы. - Б.:2004 ISBN 9967-14-020-8