Мазмунга өтүү

Элдик фронт

Википедия дан

Элдик фронт - фашизмге жана согушка каршы, демократия, социалдык прогресс жана улуттук көз карандысыздык үчүн, ошондой эле эмгекчилердин зарыл экономикалык мүдөөсүн коргоо үчүн элди күрөшкө бириктирүү максатында бир катар өлкөлөрдө пайда болгон (жумушчу табын, дыйкандарды, шаардык орто катмарды, прогрессчил интеллигенттерди) уюмдун формасы.

В. И. Ленин иштеп чыккан принциптердин негизинде түзүлүп, жумушчулардын биримдик фронту жөнүндөгү Коминтерндин бир катар чечимдерине негизделген. 30-жылдарда капитал чабуулунун күчөшү, Германияда бийликти фашисттердин алышы (1933), Италияда фашисттик бийликтин орношу, Франдия менен Исланияда ж. б. өлкөлөрдө фашизмдин күчөшү Элдик фронтту түзүү зарылдыгын туудурган. 1935-жылдан Элдик фронт иш жүзүндө калыптанып, алгачкы ийгиликтерге ээ болгон. Ошол эле жылы Испания менен Чилиде түзүлгөн Элдик фронт эл аралык мааниге ээ болуп, 1936-ж. 35 өлкөнүн делегаттарынын катышуусу менен Брюсселде Тынчтыктын эл аралык конгресси өткөрүлгөн. Элдик фронт коммунисттер тарабынан андан ары өркүндөтүлүп, анын таасири колониялык жана көз каранды өлкөлөрдө кеңири тарай баштаган. Экинчи дүйнөлүк согуш (1939-45) учурунда да өркүндөп, каршылык көрсөтуү кыймылына. улуттук фронтко өсүп чыккан жана Европа, Азия өлкөлөрүндө (Албания, Болгария, Венгрия, Германия Демократия Республикалык, Румыния, Польша, Чехословакия, Югославия, Корей Элдик Демократия Республикалык, Вьетнам Социалисттик Республикалык) зор роль ойногон. Согуштан кийинки жылдарда коммунисттердин жетекчилиги менен Франция, ГФР, Австрия, АКШ сыяктуу өнүккөн капит. өлкөлөрдө монодолияга, империализмге каршы фронт уюштуруу үчүн демокр. күчтөрдүн кыймылы күчөгөн. Ал эми Латын Америкасынын өлкөлөрүндө (Боливия, Венесуэла, Гаити, Гватемала, Мексика, Сальвадор, Уругвай, Колумбия, Эквадор, Чили ж. б.) улуттук фронт тибиндеги уюмдар уюшулган. 20-кылымдын 60-жылдары Азия, Африка өлкөлөрүндө да Элдик фронткеңири кулач жайыд, зор ийгиликтерге жетишкен.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4